Муфтийди анын ордуна өз кишисин коюш үчүн каматканбы? Садыр Жапаровдун жообу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүНамазга чейин мусулман. Архив
Намазга чейин мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Агенттик Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына Жапаров өз кишисин коюуга кызыкдар деген пикирлер айтылып жатканы боюнча суроо узаткан.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң башкысы салттуу динди үйрөткөн муфтий керек. Президент Садыр Жапаров мындай пикирин "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Агенттик Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына өз кишисин коюуга Жапаров өзү кызыкдар деген пикирлер айтылып жатканы боюнча суроо узаткан.
"Кудай өзү көрүп турат. Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң негизгиси, элибизди туура жолдон адаштырбаган, салттуу динибизди үйрөткөн муфтий болсо болду. Эмне муфтий кылып өз кишиңди коюп алсаң эле Кыргызстандын проблемасы чечилип калмак беле?", — деп кайра суроо узаткан Жапаров.
Ал ажылык сапарга баруу үчүн жөнөкөй адамдардын жылдап чогулткан акчасын башка жакка жумшап жиберүү туура эмес деген пикирин айткан.
Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазыев аткармай болду
"Бирөөгө арам ойду таңуулагандан мурда Кудайды эске алып коюшса жакшы болот. Кудай уруп кетет. Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин. Эптеп ажылыкка барып келейин деп көптөгөн жылдар бою чогулткан карапайым элдин акчасын жегенден уялыш керек. Ажылыктын акчасына кызыгып атат дегендер өздөрү 100 пайыз ошондой адамдар. Ошол үчүн башканы да ошентип ойлошот", — деген мамлекет башчы.
Эске салсак, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган.
Ушул эле күнү муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушев кармалганын УКМКдан билдиришкен. Андан соң баш коргоо чарасы тандалып, Биринчи Май райондук соту Токтомушевди сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0