22:59 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Муфтияттагы чуулуу иш (19)
1661 0 0

Садыр Жапаров кийин муфтиятка бухгалтер жибергенин, ал комиссия менен биргеликте иштеп, натыйжада чындап эле акча жетишпей жатканы аныкталганын айтты.

БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Муфтияттын кассасын текшере келгенде ажылык сапар үчүн чогулган акчанын сегиз миллион долларга жакыны жетишсиз болуп чыккан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРКга маек куруп жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, президенттик кызматка киришкенге чейин, инаугурация алдында дин өкүлдөрүнүн чакыруусу менен эски мечитке барган. Анда тараптардын талашы талкууланган.

"Мечитке барсам, дин чөйрөсүндөгү 7-8 аксакал бар экен. Кийин Абдышүкүр Нарматов келди. Муфтий өзү дагы болду. Уламалар кеңешинин мүчөлөрү, текшерүү комиссиянын башчысы Бакыт Нурдинов катышты. Ошол жерде 4-5 саат сүйлөшүп отурдук. Нааразы тарап муфтийди "туура эмес башкарып жатасың, экинчиден, акчаны жеп койдуң" деп айыптап жатышты. Муфтий отчёт бер десе бербей, текшерүүгө киргизбей жаткан экен", — деди Жапаров.

Мамлекет башчы дин аалымдарын ынтымакка чакырып, муфтийди шайлоону убагында өткөрүүгө чакырганын билдирди.

"Шайлооңор эки айдан кийин болот экен. Азыр ызы-чуу болбой апрелде шайлооңорду өткөрүп алгыла. Азыр экиге бөлүнүп, чабышып отурсаңар туура эмес болуп калат. Өзүңөр маданиятты үйрөтө турган адамсыңар да. Мага ишенгиле, силерге бухгалтер жиберип кассаңарды текшертип берейин десем макул болуп тарап кетишкен", — деди президент.

Садыр Жапаров кийин муфтиятка бухгалтер жибергенин, ал комиссия менен биргеликте иштеп, натыйжада чындап эле акча жетишпей жатканы аныкталганын айтты.

"Былтыр ажылыкка барабыз дегендерден 16 миллион доллардай чогулган экен. Текшергенде чындап эле 8 миллионго жакын доллар жетпей калган. Көрсө, алар ажылык сапарга барчулардын 7 миллион 700 миң долларын сомго айлантып, киреше алуу максатында банкка салышкан экен. Бирок алар пайда көргөнгө чейин доллар 15 сомго өсүп кеткен. Натыйжада пайда көрмөк түгүл чыгым тартып калышкан. Тагыраагы, чыгым 700 миң доллардын тегереги болуп кеткен", — деди Жапаров.

Мамлекет башчынын айтымында, мындан сырткары, 2020-жылдын август айында ошол эле ажылык сапарга барчулардын акчасынан 155 миллион сомду бир фирмага берилди деп туруп, шайлоого катышкан партияга салып жиберишкен.

"Эл акчасын талап кылса, жарымы берилип, жарымы дагы деле бериле элек экен. Ызы-чуу мына ошондон чыгып жатат", — деди президент.

Мамлекет башчынын толук маегин бул жактан көрүңүздөр.

Тема:
Муфтияттагы чуулуу иш (19)

Тема боюнча

Кадыр Маликов муфтияттагы кырдаал боюнча үн катты
Белгилер:
шайлоо, саясый партия, муфтият, Максатбек ажы Токтомушев, Садыр Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ