00:13 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)
239 0 0

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Азырынча ага төрт талапкер катышуу ниетин билдирди.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчысын шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ош облусунун активи менен жолугушуу учурунда билдирди.

  • Исполняющий обязанности президента Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с жителями Ошской области
    Мамлекет башчысын шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жители Ошской области во время встречи с исполняющим обязанности президента Кыргызстана Садыром Жапаровым
    Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ош облусунун активи менен жолугушуу учурунда билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жители Ошской области во время встречи с исполняющим обязанности президента Кыргызстана Садыром Жапаровым
    Бүгүн эртең менен Ош шаарынын борбордук стадионуна 5000ге чукул адам чогулуп Жапаров менен жолугуп, суроолорун узатышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчысын шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт

Бүгүн эртең менен Ош шаарынын борбордук стадионуна 5000ге чукул адам чогулуп, Жапаров менен жолугуп суроолорун узатышкан.

"Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш — административдик ресурс. Мен өзүм муну менен биринчилерден болуп күрөшөм! Буга чейин эч бир кызматтык коррупциялык иштерге аралашкан жокмун. Тескерисинче, анын курмандыгы болдум. Элдин үнүн бийликке жеткирем деп жүрүп камалдым. Бирок Кудай бар экен, элим бар экен, баарын орду-ордуна коюп койду. Элден айланса болот. Баарыңыздарга түбөлүк башымды ийип таазим этем", — деген Жапаров.

Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Азырынча төрт талапкер катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да декабрда кызматын тапшырып, жарышка аттанарын айтып келет.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)

Тема боюнча

549 млн. сом. БШК президенттик шайлоого кетчү чыгымдын сметасын бекитти
Артем Новиков Садыр Жапаровдон кийин президенттин милдетин аткарабы? Өзүнүн жообу
Белгилер:
админресурс, катышуучу, шайлоо, Садыр Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ