"Тост сүйлөп жаткандайсыз". Депутаттын ЖКнын төрагасын какшыктаган видеосу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жектеген өкмөт мүчөлөрү парламентке келип, 2019-жылдагы иши тууралуу эртең менентен тарта отчет берди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өкмөттүн ишин мактадыңыз деген тейде төрага Дастан Жумабековго сөз ыргытты.

Белгилей кетсек, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентке келип, 2019-жылдагы иши тууралуу эртең менентен тарта отчёт берди. 

Жыйындын аягында сөз алган депутат Иманалиев өкмөт чабал иштеп жатат деп сындап, "СССР учурунда Кыргызстан алдынкы өлкөлөрдүн катарында турса, азыр коңшу мамлекеттерден артта калды" деген баасын берди. 

Андан соң төрага Жумабеков өкмөттүн кемчиликтерин эле айта бербестен ийгиликтерине дагы көңүл бурууга чакырды. Иманалиевге жооп иретинде СССР убагында курулбаган бала бакча, мектептер азыр салынып жатканын айтты. Ошондой эле ал кээде “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп коюлган пландар аткарылбай жатканын белгилеген.

Муну уккандан кийин депутат Иманалиев кайра микрофонго чыгып, “Төрага, сизге рахмат! Өкмөттүн жакшы жери жөнүндө айтып жатсаңыз, тост сүйлөп жаткандай сезилип кетти да” деп какшыктады.

Анда Жумабеков жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келгенин айтып, “тостту башка жерде сүйлөйт, биз тост көтөрбөй калганбыз”, - деп жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0