Президенттик аппарат “Абылгазиевдин отставкасы” боюнча билдирүү таратты

Жазылуу
Президенттик аппарат ушактан алыс болуп, инфекция менен күрөшүп жаткан мамлекеттик органдарга жардамдашууга чакырды.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова мамлекеттик бийлик коронавирус менен алпурушуп жаткан чакта жалган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырды.

Ал азыркы тапта мамлекеттик органдардын баары коронавирусту ооздуктоо жана анын кесепети менен күрөшүүгө болгон күчүн жумшап жатканын белгилейт.

“Премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкага кетиши, өлкөнүн өкмөт башчысы кызматына талапкер тандоо сыяктуу ар кандай маалыматтык манипуляциядан оолак болушуңуздарды суранабыз. Соңку күндөрү көбүртүп-жабырткан ушактарды кимдир бирөө атайын бир максатты көздөп таратып жатат деген божомолубуз бар”, — деди Мансурова.

Ход весенне-полевых работ в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Азык-түлүк жаатындагы коркунучту сездик. Абылгазиев дыйкандар менен сүйлөштү
Мындан улам маалымат кызматтын жетекчиси саясий чөйрөнү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын болгон энергиясын инфекция менен күрөшүп жаткан мамлекеттик органдарга жардамдашууга сарптоого чакырды.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалымат катчысы дагы “кызматтан кетүүгө арыз жазды” деген маалыматты төгүндөгөн.

Белгилей кетсек, бир-эки күн мурда социалдык тармактарда Абылгазиевдин отставкага кетери айтылып, анын ордуна жаңы талапкерлерди сунуштай башташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0