Сотто отурган Атамбаевдин абалы начарлап, процесс кийинкиге жылды

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Алмазбек Атамбаев
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча процесске катышып жаткан.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлагандыктан сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Атамбаев бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга алып келинген.

"Түштөн кийин Алмазбек Шаршеновичтин абалы начарлап, кан басымы аябай төмөн түшүп кетти. Муну коштоп келген УКМКнын тергөө абагынын санитардык дарыгери дагы тастыктады", — деп жазган Жолдубаева.

Кийинки сот отуруму 30-март, саат 10.00гө жылдырылды.

Эске салсак, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев баш болгон 14 кишиге расмий түрдө айып тагылган.

Ал эми Башкы прокуратура козголгон кылмыш ишти карап чыгып, сотко жөнөткөн. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, алар Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айыпталып жатат. Атап айтканда, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, адамдарды барымтага алуу, киши өлтүрүү, массалык башаламандык уюштуруу жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоого күнөөлөнүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0