21:25 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
196 0 0

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш президентке сунуш берген. Учурда тогуз талапкер боюнча жарлык чыкты.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү сотторго тогуз судьяны дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш сотторду дайындоо боюнча сунуш берген.

Кармалган аял наручник менен турат. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
5-мартта мамлекет башчы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Натыйжада кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Жээнбеков судьялык кызматка 10 талапкер боюнча кеңештин сунушуна, анын ичинде Жогорку сотко талапкерлигин койгон адамга макулдугун берди.

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, Жогорку сотко талапкер парламент тарабынан бекитилет.

Учурда тогуз талапкер боюнча жарлык чыкты:

Бишкек шаары:

  • Ленин райондук сотуна — Жолдошова Мээрим Адамжановна.

Ош облусу:

  • Кара-Суу райондук сотуна — Арзиев Марс Мусаевич.

Жалал-Абад облусу:

  • Жалал-Абад шаардык сотуна — Суханбердиев Данияр Абдамитович.

Талас облусу:

  • Кара-Буура райондук сотуна — Таджибаева Тахмина Саматкановна.

Ысык-Көл облусу:

  • Ысык-Көл облустук сотуна — Сатимкулов Убайдулла Акылбекович, Шукуралиев Альгис Рыспекович;
  • Ысык-Көл райондук сотуна — Казаков Кеңешбек Осмонович;
  • Түп райондук сотуна — Жолбунов Нурбек Болотбекович.

Чүй облусу:

  • Ысык-Ата райондук сотуна — Жунушева Назгүл Турусбековна.

Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тема боюнча

Кыргызстанда үч судья мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулду
Белгилер:
президент, жарлык, дайындоо, судья, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ