Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кремлден тосуп алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту
Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыргыз-орус тарап тар чөйрөдө жолугушуп жатат. Алар бир саатка жакын сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан соң Кыргызстандын президенти Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугат.

МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту. Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков во время встречи с главой России Владимиром Путиным
Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков во время встречи с главой России Владимиром Путиным
Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
1/2
Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту
2/2
Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Биздин мамилелер бардык тараптан өнүгүп жатат. Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп эсептелет. Соода жүгүртүү көлөмү менен инвестиция тууралуу ар дайым сүйлөшө турган сөз бар", — деди Путин.

Россиянын президенти эки өлкөнүн башчылары тез-тез жолугуп жатканын белгилеп, бул нерсе 2020-жылы дагы уланарына ишенерин айтты.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда орус-кыргыз кызматташуусу кыйла активдешкенин белгиледи.

"2018-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгениңизде бир катар келишимдерге кол коюлган. Бул нерсе бардык жаатта иштин жүрүшүнө өбөлгө түздү", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле Россия Кыргызстандын ЕАЭБдеги негизги өнөктөшү экенин кошумчалады.

Кечинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземи болот. Анда эки президент тең сөз сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0