Сапар Исаков тергөө абагында ууланып, сотко бара албай калды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСапар Исаков тергөө абагында ууланып, сотко бара албай калды
Сапар Исаков тергөө абагында ууланып, сотко бара албай калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тамакка ууланып калганын адвокаты Замир Жоошев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Исаковдун абалы 26-февраль күнү эртең мененки саат 04.00дөр чамасында начарлаган.

"Эмне жеп ууланганын так билбейт экен. Абалы эртең менен начарлап кетиптир. Учурда тергөө абагынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө. Медиктердин сунушу менен бүгүнкү соту башка күнгө жылдырылды", — деди адвокат.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайгырып жатат. Момбеков Атамбаевдин абалы тууралуу айтты
Бул маалыматты УКМК дагы тастыктап, мурдагы премьер дарыгерлердин кароосунда экенин маалымдады.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Кийин Сапар Исаков райондук соттун чечимине нааразы болуп шаардык сотко арызданган.

Жаңылыктар түрмөгү
0