Мамлекет башчысы кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Ал прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине мамлекеттик наамдарды ыйгарган.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго "Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган чин рангдар жөнүндөгү табелге ылайык генерал-майор наамына тең келет. Буга чейин Жамшитовдун юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси — полковник наамы бар болчу.
22-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Ал прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине мамлекеттик наамдарды ыйгарган. Сыйлык алгандардын арасында башкы прокурор дагы бар.
Акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Мындай балдарга операцияны жалгыз Улуттук кардиология борборунун тубаса жүрөк кемтиги боюнча балдар хирургиясы жасайт. Азыр бул бөлүм мышык ыйлаарлык абалда.