03:57 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Жогорку Кеңеш. Архив

Сөгүнгөн саясатчы мыйзам бузду делбейт. Саясий кызматкерлерди тарбиялоо жолу барбы?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
539 0 0

Өлкөдө аткаминерлердин адаттан сырт жоруктары маал-маалы менен элдин талкуусуна түшүп келген учурлар көп эле кездешет. Алар өз учурунда калктын кыжырын кайнатып, кеп-сөз болот. Бирок айрымдары ээлеген кызматынан бошотулганы менен кайра эле аз убакыттан соң башка жогорку кызматка отуруп калган учурлар да бар.

Мунун негизинде биз "2016-жылы кабыл алынган "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы" кодекси кимдерге тиешелүү?" деген суроо менен Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков жана аткаминерлерди окутуп, тарбиялап чыгарган Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаевди кепке тарттык.

Руководитель Центрального территориального представительства Государственной кадровой службы КР Мыктыбек Омурзаков
© Sputnik / Эркин Садыков
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков

— Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумун тескеген кодекс бар. Бул кимдерге тиешелүү?

Мыктыбек Өмүрзаков: — "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы" аталышындагы кодекс мамлекеттик кызматтын бир гана тармагында иштеген жарандарга тиешелүү. Мамлекеттик кызмат аскердик, укуктук, дипломатиялык жана жарандык-муниципалдык болуп төрткө бөлүнөт. Бул кодекс мына ушул төртүнчү бөлүктүн кызматкерлерине гана тиешелүү. Алардын ичинен да саясий чечим кабыл албаган гана кызмат ордундагы адамдар бул кодекске баш иет. Аталган мыйзам өзүнө үч багытты камтыйт. Биринчи кезекте кесиптик милдеттердин так аткарылышын тескейт, экинчиден, коррупциянын алдын алуу каралган, үчүнчүдөн, кызматкердин жүрүм-туруму кандай болуусу керектиги жазылган. Бул мыйзамды мамлекеттик кызматкер канчалык деңгээлде аткарып жаткандыгын ошол мекемеде түзүлгөн этика комиссиясы көзөмөлдөйт.

Бирок аталган нормалар административдик кызматкерлерди гана тескей алат. Ал эми саясий кызматкерлерге тиешеси жок. Тактап айтсам, бул кодекс айыл өкмөтүнүн катардагы кызматкеринен баштап, министрдин орун басарына жана өкмөт, президент, парламент аппараттарынын бөлүм башчысына чейин гана тиешелүү. Ал эми аппараттардагы бөлүм башчыларынан баштап жогору карай, акимдер, губернатор жана министрлик орундар саясий кызмат болгондуктан, аталган кодекс бул кресло ээлерине тиешеси жок. Негизи эле эгемендүү Кыргызстанда саясий кызматты аркалаган аткаминерлердин жүрүм-турумун терип-тескеген мыйзам каралган эмес.

Проректор Государственной академии управления при президенте КР Кудайберген Базарбаев
© Sputnik / Эркин Садыков
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаев

— Саясий кызмат ээлеринен маданияттуулук талап кылынбаса, аларды окутуу маселеси кандай болду экен? Аткаминер ошол кызматка отурарда же иштеп жаткан учурда атайын бир этика сабактарын алабы?

Кудайберген Базарбаев: — Президенттин алдындагы башкаруу академиясы эки жылдык мөөнөт менен дистанциялык негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди магистратурага окутат. Бүгүнкү күндө экономика, менеджмент багытында факультеттерибиз иштеп жатат. Жакында эле юриспруденция боюнча да лицензия алдык. Бардык тармактарга этика сабагы кирет. Ошону менен катар эле мамлекеттик кызматта иштеп турган кызматкерлерди да квалификациясын жогорулатуучу курстардан өткөрөбүз. Быйылкы окуу жылында 3750 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ушундай окуу курстардан окутушубуз зарыл. Анын ичинде 950сү саясий кызматтагылар.

— Бул курстарга кайсы макамга чейинки аткаминерлер келип окууга милдеттендирилген? Сиздер, мисалы, бир министрди же облус жетекчисин милдеттүү түрдө чакырып, кызмат учурундагы этика боюнча сабак өтө аласыздарбы?

К.Б.: — Милдеттүү окуудан өтө тургандардын сап башында жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөттөрү бар. Жалпысынан курстар 16, 32 жана 35 сааттан турат. Ошол сабактардын ичинде этика дагы окутулат. Жыйынтыгында атайын бир темада реферат жазып тапшырышат. Тилекке каршы, сиз атап кеткен саясий кызматтагы аткаминерлер биздин академияга келип, квалификациясын жогорулатып кетүүсү каралган эмес. Мүмкүн бул келечекте ишке ашып калаар.

М.Ө.: — Саясий кызматты ээлеген аткаминерлерди милдеттүү түрдө маданияттуулукка окутмак турсун, алардын кызмат учурундагы жүрүм-турумун тескеген укуктук-нормативдик бир дагы документ жок. Мисалга, жогорку окуу жайын жаңы гана аяктаган жаш жигит министр болсо да ага эч кандай квалификациялык талаптар коюлбайт. Андыктан, бул багытта мыйзам кабыл алынмайын саясий кызматкерлерде жоопкерчилик пайда болбойт. Албетте, «Жаш бала беле, жөнөкөй гана кызматтык эрежелерди кантип аткарбасын, мыйзамдын эмне кереги бар?» дегендер да жок эмес. Бирок ошол жоопкерчилиги канчалык деңгээлде, эмнеге жооп берип, эмнеге милдеттендирилери белгисиз болуп жатпайбы.

К.Б.: — Кечиресиз, мен сиздин оюңузга бир аз каршымын. Анткени бизде «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» деген кодекс турат. Муну саясий болобу, мамлекеттин кайсы бир бутагындагы кызматкер болобу, колдонушу керек жана колдонуп келишет. Мисалы, мен министр болуп турганымда бул кодекс менин башкы документим болчу. Мен бул мыйзам министрге тиешеси жок деп ойлончу да эмесмин. Андыктан, бул жерде кеп ар бир адамдын ээлеген кызматына карабай өзүнүн жеке сапатына байланыштуу десек туура болот. Биз бул көйгөйдөн арылуу үчүн аткаминерлердин билимин тереңдетишибиз зарыл. Ооба, алар өз ишинин мыкты адистери, бирок теориялык билими жетишсиз болгон учурлар көп. Мына ушул тоскоолдукту жойсок, эч кандай өзүнчө мыйзам кабыл албай эле маданияттуулук маселесин чечсек болот.

М.Ө.: — Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Этика кодексин жарандык-укуктук акт десек да туура болбой калат. Бул болгону мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш, ошонун токтому менен бекитилген документ. Анда административдик кызматкерлерге гана жайылтылат деп так жазылып калган.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморкулов
Ырас, тиешелүү мыйзам жок болгон соң ушул кодекстин негиздерин саясий кызматкерлер да өздөрүнө карата алып жүрсө болмок. Бирок бул кодекс аркылуу этиканы бузган административдик кызматкерлерди жазага тартса болот, ал эми саясий кызматкер маданиятсыздыгын көрсөтсө, ага тиешелүү мыйзам жок болуп калып жатпайбы. Эч кандай, эч бир мыйзамда саясий кызматкерлердин жүрүм-турумунун нормасы көрсөтүлгөн эмес. Ал тургай министр өзүн кандай алып жүрүүсү керек, кызмат учурунда эмнелерди жасоого укуктуу, кайсы кадамдарына тыюу салынары жазылган өкмөттө бир да мыйзам жок. Ошондуктан саясий кызматкерлерди жоопко тартуу мүмкүн эмес. Мыйзам жок болсо, аларды терип-тескей турган орган да жок.

Бирок саясий кызматкердин административдик кызматкерден бир чоң айырмасы — ал оңой эле кызмат ордунан кол жууп калышы мүмкүн. Анын бир жасаган туура эмес кадамы, орой мамилеси, бирөөгө келтирген акаараты эч кандай эскертүүсүз ээрден оодарып түшүшү толук ыктымал. Бул кандай учурда ишке ашат? Саясий кызматкерлердин жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн мыйзам жок болгондуктан, аткаминер кандайдыр бир терс иш жасап койсо, андан улам элдин нааразычылыгы жаралса, өкмөт ал саясатчыны кызматтан оңой эле алып коет.

Ал эми административдик кызматтагыларды минтип иш ордунан эч ким кетире албайт. Аны иштен алуу үчүн көптөгөн процедуралардан өтүп, комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жана жогоруда аталган кодекстин негизинде иш жүрүп, айтор, олуттуу маселеге айланат.

Тема боюнча

Базарбаев: саясий кызматкерлердин этикасын эл көзөмөлгө алып турат
Өмүрзаков: саясий кызматкерлердин жүрүм-турумун жөнгө салчу мыйзам жок
Белгилер:
кызмат, саясат, мыйзам, этика, Кудайберген Базарбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ