00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:11
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кедергим тийбесин дедим". Иманкадыр Рысалиев кызматтан кеткен себебин айтты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПапка. Архивдик сүрөт
Папка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эле өкмөт башчы жана анын маалымат кызматы Рысалиев боюнча эки ирет маалымат берген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев "Ачык өкмөт" программасынын катчылыгынын жетекчилигинен кетүү боюнча арызын жазгандыгын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

"Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнөн менин ордума башка талапкерди таап, сунуш кылгыла, ЕККУ (Европалык коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюму) тандасын деп сурандым. Болбосо жанагыдай фейк жаңылыктарды таратып эле жинди кылып жатпайбы. Мындай кадамды өзүм иштеп келген "Ачык өкмөт" долбооруна кедергиси тийбесин деген максат менен жасадым", — деди Рысалиев.

Ал бир жылдан бери аталган кызматта иштеп келгенин айтып, чечимди качан кабыл алганын кошумчалады.

"Бул чечимди эртең менен өзүм кабыл алгам. Анан премьер-министр жана башка деген маалыматтар чыгып калды. Мейли эми андай деле болсун. Негизгиси бул менин жеке чечимим", — деди Рысалиев.

Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Ачык өкмөт" долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди кызматынан алуу сунушун киргизген.

Ишене албайм! Абылгазиев КТ Мобайлга аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ишене албайм! Абылгазиев "КТ Мобайлга" аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео
Эске салсак, "КТ Мобайл" чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын 17-майдагы жыйынында MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын билдирген.

Жамангуловдун айтымында, Рысалиев мындай жол менен "КТ Мобайл" ишканасын ишке киргизүү үчүн каражат которуусун талап кылган. Бирок Рысалиев аны туура эмес деген пикирин тараткан

Андан мурдараак "КТ Мобайлдын" жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени ачыкталган.

Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0