11:16 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Рубль. Архивдик сүрөт

Путиндин келиши менен россиялык банктар КР рыногуна кирет. Эксперттик пикир

© Sputnik / Владимир Трефилов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
284 0 0

Кыргызстанга россиялык ири банктардан турган делегациянын келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары банк тармагындагы кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан радиосунун кабарчысына россиялык "МТИ Банк" АКсынын башкаруучулук кеңешинин төрагасы Асан Ниязов билдирди. 

Председатель правления российского АО МТИ Банк Асан Ниязов на студии радио Sputnik Кыргызстан 
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Россиялык "МТИ Банк" АКсынын башкаруучулук кеңешинин төрагасы Асан Ниязов

Адис Кыргызстанда россиялык банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жоктугу эки тараптуу кызматташууну кеңейте албай жатат деген пикирин айтты. Ал маселе республиканын инвестициялык климаты менен ички резервдеринде экендигин, муну чечүү үчүн биргелешкен иш-аракеттин зарылдыгын белгиледи.

"Путиндин сапары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Ири банктардын өкүлдөрүнөн, бизнесмендерден, инвесторлордон турган ири топ Кыргызстанга келе жатат. Бирөөлөр жаңы кызматташууну карап жатса, кээ бирөөлөрүнүн сүйлөшүп, бышыктап койгон долбоорлору бар. Ар бир инвестор үчүн саясий туруктуулук маанилүү. Андыктан инвестициялардын экономиканын өнүгүшүндөгү ролу бир топ салмактуу", — деди Ниязов.

Анын пикиринде банк тармагындагы кызматташуудан эки тарап тең утат, себеби эки мамлекеттин тең бизнесмендеринин иши жеңилдейт. Ниязов кыргызстандыктар Россия рыногунда да бир топ маанилүү роль ойногондугун айтты.

"Иштеп тапкан акчасынын басымдуу бөлүгүн мекенине жөнөтүп, калганын кайра инвестициялап жаткандыктан, аларды колдоо гана керек. Эки тараптан тең пайда көрүп жатабыз. Анын үстүнө Кыргызстанда россиялык инвесторлорго бир топ ыңгайлуу болот", — деп эсептейт Ниязов.

Ал батыштын салган санкцияларынын фонунда Россияда жаралган экономикалык тобокелдиктерди азайтууга Кыргызстандын жардамы тийиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Тема боюнча

РФ менен КР геология жаатында 1,2 млрд. долларлык келишим түздү. Чоо-жайы
Бишкек менен Санкт-Петербургдун депутаттары кызматташмай болду
"Русэлпром" КР гидроэнергетикасына 1,5 млрд. доллар салууга даяр
Белгилер:
инвестициялар, Банк, экономика, мамлекеттик сапар, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ