ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстанга барат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында министр өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолугушат.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Эртең, 11-январь күнү, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстанга жөнөп кетет. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Иш сапардын алкагында министр өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Айдарбеков Самарканд шаарында 12-13-январь күндөрү өтө турган "Индия — Борбордук Азия" диалогунун биринчи жыйынына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0