23:40 22 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6480
  • EUR78.1346
  • RUB1.1059
Мамлекеттик Бажы кызматынын имараты. Архив

Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
142601

Элнура Мамбетжунушева Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Элнура Мамбетжунушева кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагы ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал качан жана кайсы жерде кармалганы боюнча так маалымат жок. Мамбетжунушева шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Быйыл май айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты Борбордук бажынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевди кармаган болчу. Финансы полициясы мурдагы аткаминерге таандык үйдүн видеосун көрсөткөн.

Тема боюнча

Хан сарай! Финпол тинтүүгө алган экс-бажычы Айбашевдин үйү. Видео
Белгилер:
кармоо, милиция, Элнура Мамбетжунусова, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ