ЖК комитети экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоорун колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Жогорку Кенеш в Бишкеке
Работа Жогорку Кенеш в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорун комитеттин мүчөлөрү биринчи окууда бир добуштан кабыл алышты.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Комитеттин мүчөлөрү аны бир добуштан колдоого алды.

Флаг Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алмай болушту. Мыйзам долбоору даяр
Долбоордун авторлорунун бири Курманкул Зулушев 12-берене бүгүнкү күнү мазмунуна жооп бербей калганын жана колдонулган Конституциянын нормаларына карама-каршы келерин айтты. Жаңы Конституцияда мамлекет башчысынын кол тийгистигинин деңгээли төмөндөтүлгөн жана Конституцияда анын үй-бүлөсүн мамлекеттин камсыздоосу жөнүндө норма жок. Ушуга байланыштуу "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканына токтолду.

"Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндүгүн эске алуу менен 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда. Анда КР президентинин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын нормалары чагылдырылды. Аны менен чогуу жашап турган президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн тийиштүү артыкчылыктарда жеңилдиктер менен пайдаланууларын эске алуу менен мыйзамдын 6-беренеси президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды. 8-беренеде президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндөгү норма алынып салууда. 13-беренеде экс- президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндөгү норманы алып салуу сунушталат. Ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат. Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке бериле турчу медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алынып салууда", — деди ал.

Зулушев андан сырткары мыйзамдын 18-беренеси күчүн жоготту деп таануу сунушталып жатканын, мындан ары ар-намысын, кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө берилерин кошумчалады. Андан сырткары, 12-беренени эмне үчүн күчүн жоготту деп таануу керектигин мындайча түшүндүрдү.

"12-беренени эмне үчүн күчүн жоготту деп таанып жатабыз? Бул мамлекеттин экономикалык өнүгүшүнө олуттуу залалын тийгизген жана жалпысынан коомчулуктун өнүгүшүнө тоскоолдуктарды алып келе турган бийлик, ыйгарым укуктарды официалдуу авторитет статусуна байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү мыйзамга каршы келген өзүнүн жеке пайдасына колдонуу коркунучун болтурбоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ошого байланыштуу коррупциялык кылмыштарды кылгандыгы үчүн жазалоодо кутула албастыкты камсыз кылуу максатында мыйзам долбоору менен тиешелүү өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат", — деди Зулушев.

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Исхак Масалиев бул коомчулукту дүрбөлөң кылган мыйзам долбоорлорунун бири болуп жатканын айтты. Ошондой эле 2006, 2010 жана 2016-жылы Конституция өзгөртүлгөндө экс-президенттин кол тийбестиги деген түшүнүк алынып коюлганын белгиледи. Өз кезегинде Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда 12-беренени алып салуу боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуштаганын билдирди.

"2011-жылы Атамбаев өкмөт башчысы болуп турганда Жогорку Кеңешке 12-беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жөнөткөн болчу. Кийинчерек 2014-жылы Юстиция министрлиги ошондой долбоорду жиберген болчу, бирок ал бизге жетпей, өкмөттө калып кеткен. Демек бул жаңылык эмес, мурунку жетекчилер өздөрү сунуштаган долбоор. Аны биз Конституцияга дал келтирүү боюнча сунушту берип жатабыз", — деди Масалиев.

Депутат ошондой эле Конституциялык палата дагы 12-беренени Конституцияга дал келбейт деп корутунду бергенин эске алуу менен мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берүүгө чакырды.

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан мыйзам долбоорун колдошту.

Жаңылыктар түрмөгү
0