Тотонов башка кызматка кеткен Жамангуловдун ордуна депутат болуп келди

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЖогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттык орун Акылбек Жамангулов MegaCom ишканасына башкы директор болуп кеткенден кийин бошоду.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы депутатына мандат берилди деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК).

MegaCom компаниясынын башкы директорлугуна дайындалган Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясынын мурдагы жетекчиси айына 12 миң доллар айлык алып турган
БШКнын жыйынында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укуктары "Альфа-Телеком" ишканасына (MegaCom) жетекчи болуп кеткендиктен мөөнөтүнөн эрте токтотулду.

Анын ордуна депутаттык мандатка кийинки тизмеде турган Нурбек Тотонов ээ болду. Ал 41 жашта, Кыргызстандын оор атлетика боюнча федерациясынын президенти.

Жаңылыктар түрмөгү
0