Темир Сариев шаар башчылыгына барабы? Экс-премьер менен ачык маек

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание кыргызско-российской межправкомиссии по сотрудничеству в Бишкеке
Заседание кыргызско-российской межправкомиссии по сотрудничеству в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жыйынында жакында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жана ушул жылдын январь айындагы аталган объектидеги кырсыкты териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү талкууланды. Парламентке мурдагы премьер-министрлер жана энерготармактын башчыларынын айрымдары да келип катышты. Алардын арасында Темир Сариев да бар.

Аталган саясатчыны биз маек куруп берүүгө чакырып, бир катар орчундуу маселелер боюнча пикирин сурап билдик.

— Темир Аргембаевич, сизди көптөн бери көрбөй калдык. Эмне менен алексиз ушул тапта?

— Президенттик шайлоодон кийин бир аз обочолондум — утулууну кабыл ала да билиш керек. Азыр партиянын жана коомдук иштер менен алек болуудамын. Саясатта калам. 

© Sputnik / Эмиль СадыровЭкс-премьер-министр Темир Сариев: президенттик шайлоодон кийин бир аз обочолондум — утулууну кабыл ала да билиш керек
Экс-премьер-министр КР Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Экс-премьер-министр Темир Сариев: президенттик шайлоодон кийин бир аз обочолондум — утулууну кабыл ала да билиш керек

— Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦин жаңылоо маселеси каралды. Сиз дагы ал жыйынга чакырылгандардын катарында болдуңуз. Сапар Исаков эл өкүлдөрүнөн жагымсыз кептин далайын укту. Кийинчерээк ал да үн катты. Мурдагы премьерлердин да жоопкерчилигин кароо сунушу боюнча кандай пикир карманасыз? Сиздин ысымыңыз да аталып жатат.

— Ар кимдин өз ою бар. Менимче, ТЭЦтеги аварияга ошол убакта иштеп турган өкмөт жооп берүүгө тийиш. Маселен, өкмөт башчылык кызматына киришип жатканымда ошол күндөн тартып бардык жоопкерчилик биздин мойнубузда экендигин айткам.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТВЕА компаниясын ким тандаган? ТЭЦ тууралуу жаңы фактылар ачыкталды
ТЭЦтин модернизациясына келсек, биз бир нече жылга кечиктик деп ойлойм. Кышындагы кырсык энергетикабыз кандай абалда экендигин айгинеледи. Кыргызстандын энергетикалык тутумунун эскилиги жетти, дээрлик 80 пайызы ушундай жагдайда. Ошондуктан, тилекке каршы, авариялардан кача албайбыз.

Бул жолкусунда бизге Кытай элдик республикасы каражат бергенин түшүнүүгө тийишпиз, бул өтө зарыл. Андыктан, бирөөлөрдү айыптап жатканда алды-артыбызды караганыбыз оң. Ал акчаны бизге эч ким таңуулаган эмес, биз өзүбүз алардан сураганбыз.

— Соңку убакта шаардык башкармалыкта да сиздин Бишкекке мэр боло турганыңыз тууралуу кептер жүрүүдө…

— Бул жөн гана айың кеп. Мындай же тигиндей деп айта албайм, бирок жашмын, парламентте жана өкмөттөгү ири тажрыйбамды өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн жумшоого мүмкүнчүлүгүм бар деп эсептейм. Ал эми бул кандайча ишке ашарын убакыт көрсөтөт.

— Бишкек башчысынын ордунда болсоңуз, биринчи кезекте эмне жасамак элеңиз?

— Калаанын борбор шаар экендигин айгинелеп турган жүзү болушу кажет. Фрунзе аталып турган чагындагы кооздугун кайтарып, өлкөнүн артыкчылыгын даана байкалта турган жашыл, таза, маданияттуу, ыңгайлуу, заманбап, тынымсыз өсүштөгү Бишкекке ээ болуубуз керек. Бул тазалыкты да, транспорттук маселенин чечилишин да камтыйт. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги массалык веложүрүштү баштап чыккан Темир Сариев. 2015-жыл, 4-июль
Члены правительства во главе с премьер-министром Темиром Сариевым приняли участие в велопробеге и спортивных мероприятиях - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги массалык веложүрүштү баштап чыккан Темир Сариев. 2015-жыл, 4-июль

— Ар жерге таштанды таштоого, көчөдө түкүрүүгө айып пул киргизет белеңиз?

— Маданиятты жогорулатуу керек, айып пулдан пайда жок. Сокулукта туулгам, ал эми Бишкекте интернатта окугам. Борбор калаага кетээрде ата-энем: катуу сүйлөбө, чемичке чакпа, түкүрбө, автобуста улууларга орун бошотуп бер, эгер кимдир бирөөнө жардам керек болсо, колуңду сун, деген насаатын кулакка куюп жөнөтчү. Дегеним, өзүңдү алып жүрүүнүн жөнөкөй гана эрежелери бар эле. Жаман жери — биз ошолордон алыс болуп калдык. Эң башкысы, тыкан, таза кийинүү зарыл.

— Шаарга чыгыш үчүн элеби?..

— Ооба, бут кийимиң да таза болушу керек эле. Азыр кимдир бирөө бутуна илме бут кийим, кай бири чолок шым, айрымдары жарым-жылаңач жүрө берет. Биз көчөдө өзүбүздү алып жүрүү маданиятын кайра калыптандырганыбыз дурус. Айып пул го өзүнчө кеп, бирок тарбиялоо да шарт.

— Бүгүнкү күндө бийлик өкүлдөрү, милиционерлер да өздөрүн өтө маданиятсыз алып жүрүшөт — көчөдө түкүрүнүп-какырынышат, чемичке чагышат. Андай жүрүш-туруш үчүн аларды катардагы жарандардан катаалыраак жазалаш керекпи?

— Бийлик өкүлдөрүн, айрыкча, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин катуу жазалоо зарыл. Сизге кошулам.

— Акыркы ирет качан коомдук транспортко түштүңүз?

— Жашырбайын, оголе көп болду. 

— Ага түшүп алып, кыдыргыңыз келбейби?

— Азырынча мага зарылдыгы жок. Премьер болуп турганда шаарга чыкканымда унаа минчү эмесмин. Өкмөт мүчөлөрү, мэрия жетекчилиги менен бир буска түшчүбүз. Бир транспорт менен кыдырып, калаанын көйгөйлөрүн таап чыкчубуз. 

© Sputnik / Эмиль СадыровСариев: жеке кызыкчылыгымды көздөй максатымды жүзөгө ашыруу үчүн шайтандын дал өзү менен тил табышуудан алысмын
Экс-премьер-министр КР Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Сариев: жеке кызыкчылыгымды көздөй максатымды жүзөгө ашыруу үчүн шайтандын дал өзү менен тил табышуудан алысмын

— Саясатта жүргөнүңүзгө бир топ болду. Бул чөйрөдө каалагандай калчай аларыңа ынансаң, шайтандын өзү менен да биригүүгө болору туурасындагы сөз бар. Буга макулсузбу?

— Жок. Менин эч качан тайбай турган өз принциптерим бар: таза, ачык болуп, элдин жыргалчылыгы үчүн аракет кылуу. Жеке кызыкчылыгымды көздөй максатымды жүзөгө ашыруу үчүн шайтандын дал өзү менен тил табышуудан алысмын мен.

— Саясат канчалык ыплас иш?

Письмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: убагында Кыргызстанга кайтып келбейм деген ойлор болгон
— Мындай пикирдегилерди билбейт экенмин. Балким, алар ыплас ыкмалардан пайдалануудан артка кайтпагандар чыгар. Принциптеримди атап өттүм го, кимдир бирөөлөргө алар жакпас. Мүмкүн алар мени жеңилүүгө да жетелегендир. 2010-жылы активдүү оппозиционер элек. Революциядан соң Убактылуу өкмөткө мүчө болдум. Баары парламентке кирерибизди болжоп жаткан, бирок андай болгон жок. Болбосо, биздин да административдик ресурстан пайдаланууга мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Жогорку Кеңешке кирген партиялардын көбү мыйзамсыз ыкмаларды да колдонду. Биз таза шайлоо өтөрүнөн үмүттөнгөнбүз, бирок андай болбоду.

— Добуш сатып алуулар болдубу?

— Сатып алуулар гана тургай, одоно эреже бузуулар орун алган! Бюллетендерди топ-топ кылып салмай, өзгөчө айрым райондордо, облустарда кабыл алуу комиссияларынын протоколдору кайра көчүрүлүп жазылды. Эмнелер болгонун эстегенден да заарканасың. Кийинчерээк депутаттар менен ачык сүйлөштүк. Алар: "Бизге ушундай учур келип турганда, сөзсүз түрдө өтүшүбүз керек болчу" – дешти. Өткөндөр ошолор болду…

Ошол шайлоодо мен жеңилдим, бирок мыйзам бузууларга кыжырыбыз кайнап турса да, биз биринчилерден болуп шайлоонун жыйынтыгын тааныдык, себеби, шайлоону өткөрүүгө жооптуу элек. Абдан ызаландык. Чабалдыгыбыз үчүн эмес, чынчылдыгыбыздан улам жеңилдик. Кийин экономика министри болдум, андан соң министрлер кабинетин жетектедим. Эгер таза болсоң, күчүң, ишенимиң болсо, ийгилик акыры келет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-премьер: тилекке каршы, биз шайлоонун маңызын бузуп алдык. Шайлоо участокторунда добуш сатып алмай, коркутмайлар орун алат. Саясатчылар элди добуш сатууга үйрөтүп алды
Выборы в Жогорку Кенеш — 2015 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Экс-премьер: тилекке каршы, биз шайлоонун маңызын бузуп алдык. Шайлоо участокторунда добуш сатып алмай, коркутмайлар орун алат. Саясатчылар элди добуш сатууга үйрөтүп алды

— Пара берип көрдүңүз беле?

— Жок.

— Балким, маичилерге берген чыгарсыз?..

— Эч качан, бизнесте жүргөнүмдө да пара берген жокмун. Алып да көргөн эмесмин. Адамдын эреже бузууга жол бербей турган ички тыюулары болушу шарт.

— Эгер алардан четтеп кетсеңиз, өзүңүзгө кандай жаза берер элеңиз?

— Мыйзам алдында жооп бермектирмин, бирок мыйзам бузбоого тырышам. Мени жакындан тааныгандар тартипке абдан бекем экендигимди тастыктайт. Маселен, 40 жылдан бери ар таңда көнүгүү жасайм, кечикпейм.

— Аудио жазуу түрүндөгү сиз үчүн жагымсыз бир окуя Интернетке чыгып кеткени бар. Жалпыга маалымдоо каражаттары сиз Азимбек Бекназаров менен бир же эки миллионду "бөлүштүрмөйдү" талкуулаганыңызды жазып чыгышкан.

События 7 апреля 2010 года на площади Ала-Тоо Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Автомат менен таш көтөргөн адамдар. Сүрөттө калган Апрель окуялары
— Бул сүйлөшүү 2010-жылы болгон. Түштүктө контрреволюционерлер Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрацияларын басып алышкан. Убактылуу өкмөттүн жыйынында Роза Отунбаева мага ыктыярчылар иштей тургандай кылып коомдук коопсуздукту камсыздоого каражат табууга купуя тапшырма берген. Милиция жана укук коргоо органдары алсыз болуп калган (аброю толук түшкөн эле). Агезде финансы министри элем. Талоон маалында бир нече банк тонолгон, андан кийин аты белгиленбеген ячейкалар калган. Биз Бекназаров экөөбүз алардан акчаны алууну мыйзамдаштыруу жолдорун билип көргөнбүз. Кийин Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Алмазбек Атамбаев акча бөлүштүрмөй жүрүүдө деп чыкты. Президенттикке келгенинде эгер ошондой көрүнүш орун алса, күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн текшерүүсүн өтүндүм. Башкы прокуратура менен УКМК тергөө жүргүздү. Кечирээк президент бул иште Сариевдин күнөөсү жок экендигин айткан.

Ал каражаттарды Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, губернаторлор, ИИМ, УКМК, Коопсуздук кеңеши алган. Алтургай, Башкы прокуратура да кайсы бир бөлүгүн алган, анткени, кылмышкерлерди кармоого сыйлык жарыялаган. Бул каражаттар боюнча толук отчет социалдык медиага чыккан, кызыккандар болсо таап, таанышса болот. 

© Sputnik / Эмиль СадыровТемир Сариев: абдан кооптуу учурларда, жеке өмүрүмө коркунуч туулуп турган чакта да өз принциптеримден тайган эмесмин
Экс-премьер-министр КР Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Темир Сариев: абдан кооптуу учурларда, жеке өмүрүмө коркунуч туулуп турган чакта да өз принциптеримден тайган эмесмин

— Ал сүйлөшүүнү жаздырып алып, интернетке жарыялоодо кимдин кызыкчылыгы бар эле?

— Дал ошол аудио жазуу 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо бизге абдан жолтоо болду. Айрымдар азыркыга дейре Сариевден чочулашат, себеби, аброй жана кызматка карабастан, мен дайым өз позициямдын чегинен чыкпайм. Абдан кооптуу учурларда, жеке өмүрүмө коркунуч туулуп турган чакта да өз принциптеримден тайган эмесмин.

— Баса, сиз 2007-жылкы митингди кууп таркатууда элди таштай качпаган кайраттуу, тайманбас киши катары көп адамдын эсинде сакталып калдыңыз.

— Ооба, ал "Элдик фронт" иштеп тургандагы апрель митинги болчу. 19-апрель… Ошол күн ар мүнөтүнө чейин эсимде.

— Эмнеге ошондо сизден башка саясатчы аянтта жок эле, эмнеликтен сиз деле качып кетпедиңиз? Саламаттыгыңызга, мүмкүн өмүрүңүзгө да коркунуч туулган чыгар.

— Анда мен оппозицияда элем. Эл аянтта болчу. Элди кантип таштап кетмекмин? Мен андай кадамга барбайм. Аянттагы элди кууп таркатып жаткандыгын кабарлашты. Дал ошол маалда ЦУМ тараптан келатканбыз, дароо "Ала-Тоого" бет алдык. Кимдир бирөөлөр бир күн мурда ал жакта абдан көп арматуранын кесиндилерин таштап коюшкан экен. Биздин элдин каны кызуу. Эл абдан көп эле, милиция катуу күч колдоно баштады. Киев көчөсү жагы тосмо менен тосулган, адамдар тузакка түшүп, башаламандык башталып кетмек. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСариев: милицияны токтотууга, үнүм бүткөнчө адамдардын кетип калышына жол берүүгө көндүрүүгө аракет кылдым. Муну баары көрүшкөн
Беспорядки в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сариев: милицияны токтотууга, үнүм бүткөнчө адамдардын кетип калышына жол берүүгө көндүрүүгө аракет кылдым. Муну баары көрүшкөн

— Алар куралданды беле?

— Жок, алар куралдана алмак. Милицияны токтотууга, үнүм бүткөнчө адамдардын кетип калышына жол берүүгө көндүрүүгө аракет кылдым. Муну баары көрүшкөн.

— Эгер мамлекет башчысы болуп калсаңыз, ага-ини Бакиевдерди, Максимдин өлкөгө алынып келишин талап кылат белеңиз?

— Биз Акаевди да, Бакиевдерди да кайтарып, алар өлкөгө келип, мыйзам алдында жооп беришине шарт түзүүгө тийишпиз. Ал эми Максим менен Жанышты болочоктогу өлкө башчылар күнөөсү болсо эртеби-кечпи эл алдында жооп бере турганын түшүнүүсү үчүн өлкөгө алып келүүбүз абзел.

— Президенттик шайлоодо сиз Жээнбековду колдогондой болдуңуз…

— Жок, мен акырына чейин бардым.

— СДПК менен эч кандай сүйлөшүүгө барган жокмун дейсизби?

— Жок. Талапкер Жээнбеков менен жолуктум. Биз кайсы бир маселелерди талкууладык, бирок андан кийин мен жана менин штабым акырына чейин баруу чечимине келгенбиз.

— Канчалык таза, чынчыл болбоңуз, көп добуш алуу үчүн эл акча бербесеңиз барбайт. Биз өз добушубузду мындай жеңил сатып, мүмкүн, өтө маданиятсыз болуп кеткендирбиз, бирок мындай көрүнүш жок эмес. Балким, маселе акчага барып такалат…

— Тилекке каршы, биз шайлоонун маңызын бузуп алдык. Шайлоо участокторунда добуш сатып алмай, коркутмайлар орун алат. Саясатчылар элди добуш сатууга үйрөтүп алды. "Республика" партиясы 2010-жылы да, 2015-жылкы шайлоо кампанияларында да, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо да эбегейсиз акча жумшады, ошондуктан парламентке келди. Тилекке каршы, ЖКда бирин-эки партиянын гана тарыхы болбосо, калганы акционердик коомдор сымал эле: адамдар топтолот, ортого акча чыгарышат, сатып алышат да парламентке өтүшөт. Президенттик шайлоодо да ушундай кылууга аракет кылышты, кандайдыр бир деңгээлде балким ал ишке ашкандыр. Мында программа да, жеке инсан да эмес, акча чечүүчү фактор болуп чыга келет. 

© Sputnik / Эмиль СадыровМурунку өкмөт башчы: биз баарыбыз ушул жерде жашайбыз, өлкөбүз өнүккөн, калаабыз көрктүү болсун деген максатыбыз бир
Экс-премьер-министр КР Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Мурунку өкмөт башчы: биз баарыбыз ушул жерде жашайбыз, өлкөбүз өнүккөн, калаабыз көрктүү болсун деген максатыбыз бир

— Мамлекет өсүүгө карай багыт алышы үчүн системаны өзгөртүүдө эң биринчи кезекте эмне кылуу керек? Кай бирлери маселен милицияны толугу менен иштен кубалап, кайра жаңысын куроону сунуштайт.

Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жер иштеткен, лекция окуган, качкан экс-премьерлер. Өкмөттү башкаргандар кайда?
— Секирик жасоо үчүн ачыктык жана бекем тартип, ошондой эле бийлик вертикалы керек. Бул жыйынтыгын берет. Ал эми баарын иштен кетирип, кийин кайра сынак менен ишке алуу… Эгер таза иштөөгө шарт жаратпасак, биз орган тутумун кайра эле ошолордон же аларга окшогондордон курап алышыбыз ыктымал. Азыр ар бир көрүнүш — мыйзамсыз же адепке жат учур социалдык медиада абдан кызуу талкууга түшөт. Санарип экономика, санарип өлкө… Бүгүн буларсыз алыска узай албайбыз. Шарттар түзүлгөн, программалар бар. Маселен, "Таза коом" — туура программа. Мурда электрондук өкмөт эле, кийин аны "Таза коом" деп катташты, кулакка угумдуу болуп калды.

— Демек, Болот Ибрагимов сыяктуу жарандарды сиз колдойт турбайсызбы?..

— Ал азамат жигит, кээде бүтүндөй бир институт аткара турган ишти жалгыз өзү жасап коюуда. Жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматты ыплас, көчө тили менен берүүдөн оолактап, салмактуу деңгээлге өтүүгө тийиш, антпесе, алар коомдук аң-сезимге таасир этет эмеспи. Биз баарыбыз ушул жерде жашайбыз, өлкөбүз өнүккөн, калаабыз көрктүү болсун деген максатыбыз бир.

Жаңылыктар түрмөгү
0