Кытай башчысы Си Цзиньпин менен жолуккан Атамбаев эмне тууралуу сүйлөштү

© Фото / секретариат СДПКЭкс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай башчысы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Си Цзиньпин Атамбаевди Азиялык Боао форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, КСДП төрагалыгына шайланышы менен куттуктады

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай башчысы Си Цзиньпин менен Боао шаарында жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / секретариат СДПКВстреча экс-президент Алмазбек Атамбаев с председателем Китая Си Цзиньпином
Встреча экс-президент Алмазбек Атамбаев с председателем Китая Си Цзиньпином - Sputnik Кыргызстан
Встреча экс-президент Алмазбек Атамбаев с председателем Китая Си Цзиньпином

Жолугушуу маалында Атамбаев менен Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер менен стратегиялык өнөктөштүктүн өсүп бара жатканына токтолушту. Ошондой эле Кытай тараптан демилгеленген "Бир алкак – бир жол" форумунун алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

"Си Цзиньпин Атамбаевге Азиялык Боао форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, КСДПнын төрагалыгына шайланышы менен куттуктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми экс-президент аталган форум эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын мындан дагы күч алышына таасирин тийгизет деп ишенерин айтты.

Эске салсак, КСДПнын төрагасы Азиялык Боао форумуна катышуу максатында 9-апрель күнү Кытайга учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0