Өмүрбек Бабанов: мыйзамсыз кадамдарды пландады делген адамдарды тааныбайм

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат УКМК бул маселеге чекит коеруна ишенерин баса белгилеген

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Мага карата "бийликти басып алууга даярдык көргөн" деген маанидеги дагы бир кылмыш ишинин козголгонун окудум. Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Бул тууралуу мурдагы депутат, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Эске салсак, УКМК Өмүрбек Бабановго карата "бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана массалык башаламандык уюштуруу" беренси боюнча кылмыш иши козголгонун жар салган. 

Депутат и кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Башкарманын баласы Өмүрбек Бабанов тууралуу 9 факты
"Элим өзү күбө болгондой, шайлоо бүткөндөн кийин биз бийликти басып алуу аракети эмес, митинг да өткөргөн жокпуз. Тескерисинче, жыйынтыктарга макул болбой аймактарда көчөгө чыккан элди дал менин жакын адамдарым токтотуп жатты. Элибиз жаңы президентти тандаганын шайлоонун кийинки күнү эле маалымат жыйын учурунда жарыялагам", — деп Бабановдун билдирүүсүндө жазылат.

Ал ошондой эле шайлоо атаандаштык менен өтүп, анын негизинде жеңүүчү аныкталганын, ал эми демократиялуу өлкөнү шайланган адам башкарарын белгилеген.

"Дагы бир ирет айткым келет, кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен бир дагы жолу жолуккан эмесмин, тааныбайм дагы", — деди Бабанов.

Экс-депутат УКМК бул маселеге чекит коеруна ишенерин кошумчалаган.

Өмүрбек Бабановго 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш иши козголуп, улут аралык кастыкты козутуу жана чагымчылдык менен айыпталган. Кылмыш иши козголгон учурда ал өлкөдө болгон эмес. Кийин Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигин өткөрүп берип, кийин саясаттан кете турганын айткан болчу.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-январда Бабановду өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан

 

Жаңылыктар түрмөгү
0