Казакстандын ТИМ башчысы Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүКазакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун архивдик сүрөтү
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны маалында сөз сүйлөгөн өлкө президенти Казакстандын бийлик органдары менен ЕАЭБге бир катар сын айткан

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Алмазбек Атамбаевдин чек ара көйгөйү боюнча коңшу өлкөнүн дарегине айткан сөздөрү боюнча өз пикирин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Дипломат жана тышкы саясат боюнча ведомствонун жетекчиси катары мен башка мамлекеттин башчысынын сөзүнө баа берүүгө укугум жок деп эсептейм. Болгону белгилүү саясат таануучунун "Кыргызстандын кетип жаткан президентинин айткандары саясий маданияттуулукка жатпайт жана эгемен мамлекеттин башчысынын статусуна туура келбейт" деген оюна кошулам", — деди Абдрахманов.

Эске салсак, кечээ 15-ноябрь күнү Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны маалында сөз сүйлөгөн өлкө президенти Казакстандын бийлик органдары менен ЕАЭБге бир катар сын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0