Казакстан сенатынын башчысы Атамбаевдин билдирүүсү боюнча пикирин айтты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКазакстан сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстан сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Улуттук кеңештин жыйынында казак бийлигине карата бир катар сындарды айткан

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Казакстан сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев КР президенти Алмзабек Атамбаевдин айткандары боюнча өзүнүн пикирин Twitter баракчасына жазды. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда "Ала-Арча" резиденциясында өткөн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү улуттук кеңештин жыйынында казак тараптын акыркы убакта жасап жаткан кадамы ЕАЭБдин аброюна шек келтирип жатканын айткан болчу.

Атамбаевдин айткандары боюнча азырынча Казакстан расмий билдирүү тарата элек.

​"Атамбаевдин ачууга алдырып Казакстанга карата айткан сөздөрү коңшу мамлекеттердин мамилесине доо кетирет. Мындай эмоциялар чоң саясатта ордун таппайт. Кыргызстанга блокада коюлганы боюнча сөз да жок. ЕАЭБдин нормалары менен талаптарын аткаруу керек. Мына ошол нерселер гана сүйлөшүүнүн предмети боло алат", — деп жазды ал.

Алмазбек Атамбаев өз билдирүүсүндө бир мамлекет башчынын кежирлигинен Евразиялык экономикалык биримдиктин аброюна шек келип жатканын да айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0