00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев казак бийлиги менен ЕАЭБди катуу сынга алды

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында, казак бийлигинин азыркы аракети жана Евразиялык экономикалык комиссиянын эч нерсе кылбай жатышы биримдиктин аброюна доо кетирип жатат

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык биримдиктеги абалды жана кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды сынга алды.

Ал бизнести өнүктүрүү үчүн чоң рынок керектигин, андыктан Кыргызстан ЕАЭБге чоң үмүт артып киргенин айтты. Атамбаев бул туура чечим болгонун жана өлкө биримдикте калышы керектигин белгиледи.

"Күн сайын Россия менен Казакстандын ЖМКларын окуйм. Алар Атамбаев ЕАЭБди бузууга аракет кылып жатат деп жазышууда. Бул акылга сыйбаган нерсе. Кыргызстан биримдиктен чыкпайт жана чыгайын деген ою да жок", — деди Атамбаев.

Ал өз сөзүндө иш жүзүндө Кыргызстан бир айдан ашык мөөнөттөн бери Евразиялык экономикалык биримдиктен ажырап калганын айтты.

Деятельность Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кыргызстан 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга толук өтүшү керек
"Мунун баары Казакстандын жетекчилигинин кесирлигинен болуп жатат. Эми кимибиз биримдикти бузуп жатабыз? Муну акылы жоктор менен көргүсү келбегендер эле байкабай жатат. Кыргызстан өзүнүн ички иштерине кийлигишпей, мыйзамды сыйлоону талап кылганы үчүн блокада коюп жатышат. Эгер бардыгы келишимден эмес, кээ бир президенттердин кыялынан көз каранды болсо, ЕАЭБ цивилдүү экономикалык аймак боло алабы? Мени биримдиктеги мамлекет башчылары менен ЕЭКтин башчысы Тигран Саргсяндын көңүлкоштугу таң калтырат. Саргсян коңгуроо кагышы керек эле да. Аларга баары бир экен", — деди Атамбаев.

Президент белгилегендей, Казакстандын жетекчилигинин аракети жана Евразиялык экономикалык комиссиянын эч нерсе кылбай жатышы биримдиктин аброюна доо кетирип жатат.

"Кагазда көрсөтүлгөн нерселердин бардыгы иштебей, кайсы бир падышанын кесирлиги болгон жерге кимдин кошулгусу келет?" — деп суроо салды Атамбаев.

Өлкө башчы ошондой эле 2014-жылы дагы бир коңшу мамлекеттин президентинин кесирлигинен Кыргызстандын түштүгү газы жок калганын айтты.

"Анда мени карып калган диктаторго тизелеп барып кел деп айтышкан. Бирок андай болбойт, биз өзүбүздү сыйлабасак бизди ким сыйлайт", — деди Атамбаев.

Ал өз кезегинде жаңы шайланган президентти, премьер-министрди, Жогорку Кеңештин төрагасын мындай иштерге барбагыла деп чакырды.

Вручение президентской стипендии лучшим студентам вузов страны - Sputnik Кыргызстан
Президент: кечиримди Атамбаев эмес, өлкөнүн ишине кийлигишкендер сурашы керек!
"Азыр дагы алдына чөгөлөп барып кечирим сурасын деп жатат. Муну мамлекеттин баркын бир тыйынча баалабаган "саясий сасыткылар" айтып жатат. Мен эмне үчүн кечирим сурашым керек? Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, өлкөнүн ички ишине кийлигишпегиле деп талап кылганым үчүнбү? Кечиримди Атамбаев эмес, башка мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, өзүнүн "кол баласын" таңуулаганга аракет кылгандар сурасын. "Кол бала" отурат, бирок президенттик орунга эмес, түрмөгө", — деди президент.

Атамбаев ошондой эле Кыргызстан 2010-жылкы, 2014-жылкы энергетикалык чектөөнү баштан кечиргенин айтып, азыркы кыйынчылыкты да жеңил эле баштан кечирерин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0