БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 38 жаштагы Улан Карагулов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Бактыбек Кудайбергенов өз ыктыяры менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазган.