04:53 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)
337510

КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын жыйынында Сапар Исаков чек ара маселеси боюнча Казакстанды айыптаган

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы тирешүү боюнча пикирин КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

Иш-чара 3-ноябрда Ташкент шаарында өткөн. Анда Сапар Исаков чек ара маселеси боюнча Казакстанды айыптаган болчу.

"Бүгүн дагы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда катуу пикир алышуу болду. Түшүнбөстүктөр такай болуп жатат. Мына ушундай кырдаалды жеңилдетүү үчүн КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши же ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын форматтары бар. Келишпестиктерди чечүүнүн жолдорун издөө максатында пикир алышуу, дооматтарды айтуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болгону жакшы", — деди Медведев.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта оорлой баштаган. Казак тарап мындай кырдаал аткезчилик жолу менен алынып келген импортко каршы күрөшүүнүн айынан болуп жатканын билдирген. 18-октябрда Сапар Исаков Астанага иш сапары менен барып, чек арада турган жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды жана жеңил автоунааларды өткөрүү боюнча макулдашкан. Бирок дагы деле чек арада кезек күтүп турган жүк ташуучу автоунаалардын саны азайган жок.

Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (87)

Тема боюнча

Премьер Исаков Ташкенттеги жыйында Казакстанды сындады
Министр: кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөшүү оңунан чыкпай калды
Белгилер:
кыргыз-казак чек арасы, Дмитрий Медведев, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ