БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттереш Башкы ассамблеянын 72-сессиясынын алкагында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп жатып өлкөнүн ак илбирсти сактоо боюнча көргөн аракети менен "Таза коом" улуттук программасына жогорку баасын берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Атамбаев Гуттерешти Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйлады. Муну менен бирге өлкөгө колдоо көрсөтүп келгени үчүн БУУ системасына жана катчынын жеке өзүнө ыраазычылык билдирди.
Гуттереш Кыргызстанга болгон сапарын жылуу маанай менен эскерип, эки тараптуу мамилеге олуттуу маани берерин белгилеп өттү.
Жолугушуу маалында Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.