БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов ишинен бошотулганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Ниязов кызматтан кетүү тууралуу арызын өз эрки менен жазып, тиешелүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Өлкө башчынын башка буйругу менен Ниязов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
Фарид Ниязов буга чейин президенттин аппарат жетекчиси болуп иштеп, кийин мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалган.