Жанар Акаевдин депутаттык 17 айы. Жарандык вазийпа, милдет, мыйзам

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттеги жаштардын өкүлү делген Жанар Акаевди КСДП фракциясы катарынан чыгарып, ал ортодо мандатынан да ажыратыла турганы айтылып кетти. Бирок президент Акаевдин мандатын эч ким албай турганын белгиледи. Биз эл өкүлүнүн Жогорку Кеңеште депутат болгондогу бир жыл беш айда жасаган иштерине кызыгып көрдүк.

КСДП фракциясы депутат Жанар Акаевди катарынан чыгарды, аны менен кошо эл өкүлү депутаттык комиссиялардын курамынан да чыгарылды. Аталган фракциянын лидери Иса Өмүркуловдун журналисттерге билдиришинче депутаттын көз карашы фракцияныкы менен дал келбей калган.

"Жанар Акаевдин көз карашы фракцияныкына туура келбей калды. Бул маселе бүгүн эле чыккан жок, көптөн бери келе жаткан. Фракция менен көз карашы туура келбей жатса, өзү эле чыгып кеткени жакшы. Саясий кеңештин чечимин фракция колдоду. Ал эми депутаттык мандатына кол тийгизүүгө биздин укугубуз жок", — деди Өмүркулов.

Ал эми жаш депутат Акаев партиялаштарына таарынычы жок экендигин айтып, депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берерин билдирди.

Жанар Акаев бул убакыттын ичинде автор жана авторлош болуп сегиз мыйзам жазууга үлгүргөн. Алар:

ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Иса Өмүркулов: Акаев менен КСДП фракциясынын позициясы дал келбей калды
1. "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамы. Ага ылайык, кабыл алынган мыйзамдарды өкмөт элге түшүндүрүү иштерин милдеттүү түрдө жүргүзөт. Үч окуудан өтүп, президент кол койгон. Учурда мыйзам күчүнө кирген.

2. "КРдин Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы. Тоолуу аймактарда, мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин айлыгына кошумча акча кошуу боюнча демилге. Ал ЖКдан колдоо таап, президент кол койгон.

3. "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге. Анда Кыргызстандын аймагында бардык билим берүү мекемелери эсептешүүлөрдү кыргыз сому аркылуу жүргүзүшү керектиги камтылган. Президент кол коюп, мыйзам учурда иштеп жатат.

4. "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы. Жеке менчик мектептерди салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоор. ЖКдан колдоо таап, президенттин кароосунда.

5. "КРдин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине) мыйзам долбоору. Анда мас абалында автоунааларды айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү каралаган. Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Поздравление представителей СМИ президентом Алмазбеком Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: КСДП ой келди адамды президенттикке сунуштабайт
6. "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы долбоору. Чылымдын баасын көтөрүү боюнча демилге. Учурда экинчи окууда каралууда.

7. Соттук реформаны көздөгөн мыйзам долбоорлордун пакети. Бир нече мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Учурда биринчи окууда каралап жатат.

8. "Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору. Демилгеге ылайык, 2025-жылга чейин аңчылыкка мораторий киргизилмек. Бул документ депутаттардан колдоо таппай, кайтарылган.

Эл өкүлү мындан сырткары, 20га чукул депутаттык комиссияга мүчө болгон. Алардын ичинен Ысык-Көл — Балыкчы — Корумду жолу, "Манас" аэропортуна жакын Дача айылында кулаган учактагы жүк боюнча комиссиянын курамына кирген.

Жанар Акаев курч айтылган сөздөрү менен да башка депуттардан айырмаланган. Айрымдар аны пафостук билдирүү десе, кээси колдоого алган.

Депутаттын айткан сөздөрү

  • "Алты миллион элибиз бар. Жакырбыз. Анан кайсы арыбызга спикерлер ондон жансакчы, унаалардын коштоосунда жүрөт?"
  • "Көптөгөн адамдар пенсия албай өтүп кетип жатышат"
  • "Педагогикалык адистикте окуган студенттердин стипендиясын эки эсе көбөйтүү зарыл"
  • "Мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жаштар да үйлөр менен камсыз болушу керек"
  • "Кыргызстанда жөнөкөй дарыгерлер менен мугалимдер пара албай, чириген байлар алат"
  • "Өсөлү, өнүгөлү, реформа жасайлы десек, Акаев менен Бакиев жолтоо болуп жатабы? Же ошолордун кадрлары өнүкпөгүлө, өспөгүлө деп колдон кармап жатабы?"
  • "Тарыхта суу жүрөк, жалтак парламент катары калбашыбыз керек"
  • "Революцияларды унутуп калдыкпы? Андай болсо Шералынын чокоюндай кылып, сүрөттөрүн илип коёлу"

Мындан тышкары, бешинчи күнү жума намаз учурунда түштөнүү убактысын эки саатка узартуу боюнча демилгеге каршы чыгып, Чубак ажы Жалилов менен чыры президенттин кийлигишүүсүнө чейин жеткен.

Журналист Аида Касымалиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Журналист Аида Касымалиева депутаттык мандатка ээ болду
Депутаттардын кызматтык батирден баш тартуу демилгесине каршы чыккан.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатканда "Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарды желмогуз көрсөтүп, колдогондорду баатыр кылганыбыз туура эмес. Колдободуң деп туруп эле эл душманы, ууру, чыккынчы кылууну токтотуш керек", — деп, бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгени колдоп, "макул" деген добуш берген. 

Депутаттын демилгеси менен Жаштар платформасы уюштурулуп, Жогорку Кеңеште ар кыл тармактагы жаштардын үнү өкмөткө, депуттарга жеткирилиген.

Жанар Акаевдин шайлоо алдында "студенттерге ай сайын 2000 сомдон стипендия төлөп беребиз" деген убадасы ошол кезде көпчүлүктү кубантканы менен бүгүнкү күнгө чейин айтылган сөз ишке ашпай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0