07:57 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
1020 0 0

Касымалиева 22-мартка чейин расмий билдирүүнү күтөрүн кошумчалады.

БИШКЕК, 19-Мар. — Sputnik. Журналист Аида Касымалиева КСДП фракциясынан депутаттык мандатты алууга каршы эмес экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, 17-мартта Аскат Акибаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү кызматынан кетип, анын ордуна депутат Узар Жылкыбаев барган.

Мындан кийинки тизмеде КСДП фракциясынын тизмеси боюнча президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турган. Бирок ал мандаттан баш таруу боюнча арыз жазганын билдирген. Андан кийинки болуп Жогорку Кеңештеги аппарат жетекчиси кызматынан мындан тогуз күн мурда бошогон Абдыманап Кутушев да депуттык орундан баш тартканын ЖМКлар жазды.

Кутушевден кийинки тизмеде журналист Аида Касымалиева турган. Sputnik кыргызстан аны менен байланышканда депутаттык мандаттан баш тартпай турганын билдирди.

"Менин кезегим жеткени туурасында азырынча маалымат ала элекмин. Эгер айтышса баш тартпайм. Себеби шайлоочуларга көп убада берилген, ошону аткарышыбыз керек", — деди Касымалиева.

Ошондой эле ал, 22-мартка чейин расмий билдирүүнү күтөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалды
Жылкыбаевдин ордуна депутат болуп Илмиянов келиши мүмкүн
Ысык-Көлдүн башчысы Асхат Акибаев кызматынан кетти
Белгилер:
мандат, КСДП фракциясы, Аида Касымалиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ