Атамбаев жана башка тың чыкмалардын ар-намысы канча турат

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин соту саясий иштерди иреттеп бир чечим чыгарышы керек болуп калды. Себеби, бир жумада төрт саясий иш коомчулуктун көңүлүн бурууда. Бул иштер президентке, КСДП менен "Ата Мекен" партияларына, депутат Өмүрбек Текебаевге, Башкы прокуратурага, укук коргоочуларга жана эки ЖМКга тиешелүү.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бир нече күндүн ичинде Бишкектеги сотторго "аброюн жана ар намысын" коргоо боюнча төрт арыз келип түштү.

Митинг сторонников Омурбека Текебаева у здания городского суда - Sputnik Кыргызстан
Шаардык сот Текебаевди эки айга камакка алуу өкүмүн күчүндө калтырды
Президенттин ар намысын коргогон Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарына жана Zanoza менен "Азаттык" маалымат сайттарынын үстүнөн миллиондорду чапчыган эки арыз жазды. КСДП партиясы болсо укук коргоочу Рита Карасартованы сотко берсе, Текебаевдин юристтери Алмазбек Атамбаевге чакырык таштады.

Соттошуу "согушуна" шыкакчы болгон окуялардын башталышына Sputnik Кыргызстан агенттиги саресеп салып көрдү.

"Ата Мекен" менен Алмазбек Атамбаевдин кармашы

Президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Текебаевди мародер, ал эми анын партиясын "сасыган" деп сыпаттаган.

"Атамекенчилердин" юристи Таалайгүл Токтокунованын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче, алар президенттин үстүнөн арызды 7-мартта беришкен.

"Атамбаевден акча өндүрүп калалы деген ниетибиз жок. Партия менен лидерибиздин ар намысы баарынан өйдө турат. Ал эл алдында кечирим сурап, айткандарын төгүнгө чыгаруусун талап кылабыз", — деди Токтакунова.

Сот иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 10-мартта каралат. Анткени президент ушул аймакта жашайт.

36 миллиондук арыз

1-мартта Өмүрбек Текебаевдин авдокаттары маалымат жыйын учурунда Дача айылына кулаган учактагы жүк президентке тиешелүү экендиги тууралуу документтер депутаттын колуна тийгендигин билдиришкен.

Бул билдирүүнү жогоруда аталган массмедиалардан башка дагы ЖМКлар жайылткан.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен айыпталгандарды кандай жаза күтөт
Zanoza сайтынын башкы редактору Дина Маслованын айтымында, өлкөнүн башкы прокурору бул боюнча сотко кайрылып, юристтерден жана ЖМКлардан 23 миллион сом талап кылды. Анын ичинен  "атамекенчилердин" юристтерин 10 миллион, "Азаттыкты" — 10 миллион, Zanoza сайтын — 3 миллион сомдук доого жыгууда. Ошондой эле прокуратура аталган ЖМКлардан төгүндөө берүүсүн талап кылып жатат.

Маслованын айтканына караганда, биринчи отурум 16-март күнү Ленин райондук сотунда өтөт.

Бир нече саат өткөндөн кийин Индира Жолдубаева ошол эле ЖМКлардын үстүнөн Текебаев Кипрге барып келгендиги жөнүндө жазган маалыматы үчүн дагы бир ирет арыз жазды.

Маслованын берген маалыматка караганда башкы прокурор аталган эки басылмадан кайра эле 3 жана 10 миллион сомдон талап кылган. Мунусун ал президенттин ар-намысын коргоп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Эске салсак, 26-февраль күнү  коррупция жана алдамчылык беренелери менен кылмыш иши козголгон Өмүрбек Текебаев камакка алынган.

Текебаев "Альфа Телекомдун" башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алганын айтып, депутаттын үстүнөн россиялык бизнесмен Леонид Маевский арыз жазган

КСДП жана Рита Карасартова

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар
Кечээ "Коомдук анализ институту" коомдук бирикмесинин жетекчиси Рита Карасартова Facebook баракчасына Кыргызстандын Социал-демократтар партиясы жергиликтүү басылманын бирине чыккан "Регионы показали зубы власти" макаласы үчүн берген комментарийин негиз кылып аны сотко берип жатканын жазып чыкты.

Аталган материалда Карасартова партия тууралуу "алар саясат менен ойной башташты, кызматтарды оңго-солго сатып жатышат" деп айткан. Партиянын юристи Sputnik Кыргызстан агенттигине Карасартованын үстүнөн арыз берилгенин тастыктап, бирок талап кылынган акчанын суммасын айтуудан баш тартты.

Сот процесси Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтөт.

Макала орус тилинен которулду>>

Жаңылыктар түрмөгү
0