Абдил Сегизбаев өзүнүн кызмат ордун атоодон баш тартты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук мамлекеттик комететтин төрагасы Абдил Сегизбаевдин архивдик сүрөтү
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комететтин төрагасы Абдил Сегизбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар Текебаевдин айланасындагы маселе боюнча суроо берүү үчүн жазылган бардык депутаттар сүйлөп болгонго чейин жыйынды улантууну колдошуп, танаписке чыкпай турган болушту.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Текебаевдин айланасындагы суроолорго жооп берүүдө.

Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Текебаев тууралуу: мен турганда бул иш өтөсүнө чыгат
Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаев 26-январда "Манас" аэропортунан кармалган. Ага карата Башкы прокуратура "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 27-февралда депутат Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 25-апрелге чейин эки айга камакка алынды

Талкуунун жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Абдил Сегизбаевден кызмат орду расмий кандай аталарына кызыгып суроо узатты. Сегизбаев бул суроого жооп берген жок. Ортого төрага Чыныбай Турсунбеков кийлигишип, ким кандай суроо берсе ошондой жооп алып жатканын айтып, процедура боюнча гана суроолорду берүүгө чакырды.

Депутаттар Текебаевдин айланасындагы маселе боюнча суроо берүү үчүн жазылган бардык депутаттар сүйлөп болгонго чейин жыйынды улантууну колдошуп, танаписке чыкпай турган болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0