Атамбаев Текебаев тууралуу: мен турганда бул иш өтөсүнө чыгат

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoЛидер политической партии "Ата-Мекен" Омурбек Текебаев
Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент сөз жалгыз Өмүрбек Текебаев жөнүндө гана эмес, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тууралуу дагы болуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйын учурунда депутат Өмүрбек Текебаевге байланыштуу коррупция боюнча иш акырына чейин чыгарыларын билдирди.

"Мен 2010-жылы эле Бишкек менен түштүк аймакта эл өлүп жатса бирөөлөр миллиондорду кымырып жатканын айткам. Бул иштин бардыгы акыры калкып чыгарын бир нече ирет кайталагам… Мен россиялык сайтты окудум анда ишкер (Леонид Маевский. — Ред.) эмне себептен көп убакыт өтүп кеткенден кийин укук коргоо органдарына кайрылганын айтып бериптир. Ал президент бул ишти карабай коет деп корккон экен. Жашырбайм, көпчүлүк Атамбаевдин дагы үлүшү бар деп ойлошуптур", — деп билдирди мамлекет башчы.

Президент сөз жалгыз Өмүрбек Текебаев жөнүндө гана эмес, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тууралуу дагы болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, ал адамдар былыктары чыгып калат деп коркуп турган чактары.

Митинг сторонников депутата Текебаева у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаевдин иши боюнча райсоттун чечимин шаардык сотко даттандык
"Ууру ким болсо дагы түрмөдө отурушу керек. Бул жерден эч кандай саясат көрүп турган жокмун. Көпчүлүк былыктарынын чыгып калышынан коркуп жатышат. Бул жерде кайдагы репрессия? Коррупция тууралуу эки эле россиялык жаран айткан жок. Үч жылдан бери айтылып келе жатат, керек болсо ошол эле партиянын депутаты (Ата Мекен. — Ред.) Өмүрбек Абдрахмановду мисалга алса болот. Бул маселелерди акырына чыгарууга келерки президенттин күчү жетеби билбейм, бирок мен турганда өтөсүнө чыгарылат", — деп сөз берди Атамбаев.

Президент мындан кийин дагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө байланышкан коррупциялык фактылар чыгарына ишенерин айтты.

"Атамбаев эч качан уурдаган эмес. Мен миллионер болгондо көпчүлүк эми гана бизнесин баштап жаткан. Салымбеков ишин жаңы баштаса, Бабанов сельхозакадемияда окуп жүргөн… Бийлик башаламандыкка чыдай албайт", — деди Атамбаев.

Владимир Путин бүгүн Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0