Текебаев: Аида Салянованы УКМК суракка чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-баш прокурор Аида Салянованына архивдик сүрөтү
Экс-баш прокурор Аида Салянованына архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салянова юстиция министри болуп турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирген деп айыпталып келет.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аида Салянованы суракка чакырды. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш прокуратура Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын калыбына келиши боюнча иш козгоду
Анын айтымында, УКМК экс-баш прокурорду камап коюшу мүмкүн. Белгилей кетсек, "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага Башкы прокуратура Максим Бакиевдин жакын санаалашы Алексей Елисеевдин иши боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогон

Салянова юстиция министри болуп турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирген деп айыпталууда.

Депутаттын суракка чакырылышын УКМК тастыктоодон баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0