БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аида Салянованы суракка чакырды. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, УКМК экс-баш прокурорду камап коюшу мүмкүн. Белгилей кетсек, "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага Башкы прокуратура Максим Бакиевдин жакын санаалашы Алексей Елисеевдин иши боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогон.
Салянова юстиция министри болуп турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирген деп айыпталууда.
Депутаттын суракка чакырылышын УКМК тастыктоодон баш тартты.