Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Өзбекстанга учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар маалында Атамбаев Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коёт.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кеткенин президенттин маалымат кызматы билидрди.

Сапар маалында Атамбаев Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коёт.

"Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат. Эки өлкө лидерлери эки тараптуу мамилелердин өнүгүү маселелерин талкуулап, эл аралык жана региондук күн тартибинин маанилүү маселелери боюнча пикир алышат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин Өзбекстанга иш сапары менен барган биринчи президент.

Жаңылыктар түрмөгү
0