Улан Примов: Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрга белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин референдум менен жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоону 4-декабрда өткөрүү пландалган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрга белгиленет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов билдирди. 

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин төрт фракциясы Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп, ал биринчи окууда жактырылган.

"Мен референдумду жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен бир күндө өткөрүү демилгесин сунуштадым. Комитет мүчөлөрү демилгени колдоого алышты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрь күнү өтмөй болду. Демек референдум да ушул күнгө белгиленет. Негизи Жогорку Кеңеш референдум жөнүндө мыйзамды карагандан кийин анан президенттин Жарлыгы чыгат", — деди Примов.

Белгилей кетсек, буга чейин референдум менен жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоону 4-декабрда өткөрүү пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0