ТИМ ЕККУнун өлкөдөгү макамын өзгөртүү тууралуу нота жибергенин тастыктады

© AFP / BULENT KILIC ЕККУнун автоунаадагы логотиби
ЕККУнун автоунаадагы логотиби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Фергана" агенттиги өзүнүн жеке булактарына таянуу менен КР ТИМи ЕККУнун макамын борбор программалык кеңсеси алмашышы мүмкүндүгүн билдирген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. КР Тышкы иштер министрлиги Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Венадагы катчылыгына ЕККУнун макамын өзгөртүү боюнча нота жибергенин тастыктады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Флаг ОБСЕ - Sputnik Кыргызстан
КР делегациясынын башчысы ЕККУ Батыровго дагы сөз бергенде залдан чыгып кетти
Буга чейин "Фергана" агенттиги өзүнүн жеке булактарына таянуу менен КР ТИМи ЕККУнун статусу борбор программалык офиске алмашышы мүмкүндүгүн билдирген. ЖМКлардын маалыматына ылайык, мындай кадамга Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөөсү себеп болгон. 

Аталган агенттикте жарыяланган документке ылайык, КР ТИМи бул уюмдун статусун алмаштыруу аракеттерин 2017-жылдын 1-январынан тарта баштоого ниеттенүүдө. 

"Кыргызстан буга чейин бир канча ирет ЕККУнун ишмердүүлүгүн өлкө ичинде жогорулатуу керектигин айтып чыккан. Акыркы ирет бул тууралуу КРдин ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев ЕККУнун жыйыны учурунда 2016-жылдын 1-сентябрь күнү айткан. Кыргызстан көз карандысыздыгынын 25 жыл ичинде ЕККУ менен көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашырып, саясий, соицалдык жактан өлкөгө чоң салым кошулду. Ушунун баарын эске алуу менен, ЕККУнун тарыхый миссиясы аткарылды деп эсептейбиз. Ошол себептен улам 27-сентябрь күнү макамды өзгөртүү тууралуу нота жиберилди", — деп жазылат маалыматта. 

Кыргызстанда 2010-жылы улуттар аралык жаңжалды тутанткан деп айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылып, учурда издөөгө алынган Кадыржан Батыров ушул жылдын 20-сентябрында Варшавада сөз сүйлөп, КР Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы экенин билдирген. Андан сырткары, өлкө бийлигинин жаңы кылмыш иш ачышына нааразы экенин жана ага кызмат адамдарынын тийиштиги бар экенин айткан. Мындан улам КР ТИМи соттолгон кылмышкерге сөз берилди деп нааразычылыгын билдирген

Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: ЕККУ Батыровдон кийин "Ислам мамлекетинин" өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес
Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы катуу талкууланып, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катуу формада ЕККУнун жетекчилигене нааразычылык билдирген. Министр ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Батыровго сөз берүүнү Кыргызстанды сыйлабагандык катары сыпаттаган. 

Андан сырткары, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева ЕККУ Демократиялык институт жана адам укугу боюнча бюросунун "Дискриминация эмес жана толеранттуулук" деген темадагы 10-отурумунда Кадыржан Батыровго сөз берилгендигине нааразылык билдирип, залдан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0