15:01 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Компаниянын буга чейинки жетекчиси башка ишке өткөндүктөн бул кызмат орду бош калган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания ААКтын башкармалыгынын төрагасы болуп Бактыбек Шамкеев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Шамкеев компаниянын жамаатына тааныштырылды. Ал буга чейин "CAIConsulting" ЖАКтын башкаруучу директору болгон. Жогорку билимдүү, ишкер башкаруучулугунун магистри. Кыргыз, орус, англис жана немис тилдерин билет.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын буга чейинки башчысы Бактыгүл Жээнбаева ээлеген ордунан бошотулуп, Айыл банктын" башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган.

Мамлекеттик ипотекалык компания "жеткиликтүү сегменттен" турак-үйлөрдү курууну каржылап, ошондой эле калкты жеткиликтүү ипотека аркылуу турак-жай менен камсыз кылат. Мында турак-жай андан ары сатып алуу укугу менен же ансыз эле убактылуу ижарага берилет.

Тема боюнча

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси бошотулду, жаңысы жакында дайындалат
Валюта насыясы боюнча ишкана менен жарандардын карызы 650 млн. доллардан ашты
Белгилер:
дайындоо, Мамлекеттик ипотекалык компания, Бактыбек Шамкеев, Бактыгүл Жээнбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ