10:09 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Президент США Барак Обама

Обама Конгресстен ИМге каршы курал пайдаланууга уруксат берүүгө чакырды

© REUTERS / POOL
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
42 0 0

АКШ президенти "Ислам мамлекети" террористтик уюму ага чейинки террорчулар алган сабакка туш болорун белгиледи.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна каршы курал пайдаланууга уруксат берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал конгресс алдындагы сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, эгер бул конгресс ИМ менен болгон согушту жеңүүгө белсенген болсо, анда аталган террористтик уюмга каршы курал пайдаланууга уруксат бериши керек.

"Бирок америка эли конгресстин макулдук берүүсүнө же баш тартуусуна карабастан "Ислам мамлекети" террористтик уюму ага чейин террорчулар алып келген сабакты аларын билиши зарыл. Эгер сиздер адилеттүүлүктү орнотууга менин же Американын күчү жетпейт десеңиздер Усама бен Ладенден сурап көрүңүздөр", — деди президент 2011-жылы "Аль-Каида" террористтик тобунун лидери Усама бен Ладенди жок кылуу операциясын эске салып.

Ушу кезге чейин Америка конгресстин уруксатысыз эле президенттик укукка таянып ИМге сокку уруп келген. Конгресстин макулдугу милдеттүү болбогону менен согуштук аракеттердин мөөнөтүн узартууга жол ачат.

Тема боюнча

Обама: дүйнө маанилүү маселелерди Кытай же Россия эмес, АКШ менен чечет
Белгилер:
"Ислам мамлекети" террордук тобу, курал, конгресс, Барак Обама, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ