12:11 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Сүрөт

Садыр Жапаровдун төрт саатка чукул созулган маалымат жыйыны. Сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
Жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны (15)
281 0 0
  • Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Ала-Арча резиденциясында төрт саатка жакын маалымат жыйын өткөрдү
  •  Бул Садыр Жапаровдун алгачкы маалымат жыйыны. Башталышында президент Жапаров доклад окуп, андан кийин суроо-жоопко өттү
  • ЖМК өкүлдөрү суроо берип баштардын мурда Бакыт Кошалиев аттуу журналистти туулган күнү менен куттуктап, белек берди
  • Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жыйындын башында сасык тумоолоп жатканын айтып, кечирим сурады
  • Жапаровго Баткен аймагындагы мамлекеттик чек ара маселесиндеги чатактарды жөнгө салуу жана жарандардын коопсуз жашоосун камсыз кылуу жөнүндө суроо берилди. Ал Тажикстан менен чек ара жаатында маселелер бар экенин айтып, эки жактын тең кызыкчылыгын бирдей карап, анан чечилиши керектигин айтты
  • Президент алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылды. Ал мурдагыдай партиялык тизме аркылуу келүү үчүн коррупциялык иштер болбойт деген билдирүүсүн айтты
  • Биз силердин ишмердүүлүгүңөргө өзгөчө маани беребиз, силердин ишиңер аркылуу коомчулуктагы кырдаал тууралуу өзүм да маалымат алып турам, — деп айтылган маалымат жыйындын башында Жапаровдун ЖМКларга жана журналисттерге таратылган кайрылуусунда
  • Жапаров журналисттин суроосуна жооп бери жатып, Кыргызстанда АКШнын аскер базасы жайгашпай тургандыгын билдирди. 2014-жылы Американын базасы менен келишимди жокко чыгарып, алар чыгып кетишкен. Бизге бир эле база жетет, — деди ал
  • Ал министрлерге, аткаминерлерге ЖМКлар, журналисттер менен соттошууга баруунун кереги жоктугун эскертип турарын айтты
  • Маалымат жыйынына катышып жаткан чет элдик журналисттердин бири Садыр Жапаровду эң келишимдүү президентсиз деп, мамлекет башчынын өзүн да, залдагыларды да жылмайтты
  • Президенттин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы катышты
  • Жапаров социалдык тармактагы баракчаларын өзү алып барарын, постторун негизинен өзү эле чыгарганга аракет кыларын айтып берди. Соцтармактардагы кайрылууларды анда-санда карап коём. Мурдагыдай убакыт жок. Кечки тамактан кийин убакыт болгондо, бир-эки саат карайм, — деди президент
  • Бүгүнкү маалымат жыйында 56 журналист бир жана бирден ашык суроолорду берген. Жапаров жыйынтык сөзүндө эмдиги жылы журналисттер менен Курултайда жолугарын айтты
  • Мен Кыргызстан элине терең ыраазычылыгымды билдирем жана элдин ишенимин актоого бардык күч-аракетимди жумшайм, — деди Жапаров маалымат жыйындын соңунда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, "Ала-Арча" резиденциясында төрт саатка жакын маалымат жыйын өткөрдү

Бишкектин четинде мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Садыр Жапаров ири маалымат жыйын өткөрдү.

Мамлекет башчынын маалымат катчысынын айтымында, бул иш-чарага 150гө чукул жергиликтүү жана чет элдик журналисттер чакырылган. Президент алгач өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Иш-чара андан соң 56 журналист менен суроо-жооп форматында уланды.

Ага ички социалдык маселелерден тарта тышкы геосаясатка чейин соболдор узатылды.

Журналисттердин бир катар суроолоруна жыйынга кошо катышып жаткан министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө да жооп берүүгө туура келди.

Маалымат жыйын дээрлик төрт саатка созулду.

Маалымат жыйындын жүрүшү туурасында Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясын окусаңыздар болот.

Тема:
Жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны (15)

Тема боюнча

Кыргызстанда Американын базасы жайгашабы? Жапаровдун жообу
Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. Видео
Белгилер:
Садыр Жапаров, маалымат жыйын, президент, суроо, жооп

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ