Миң боз үй, колдоп чыккан БУУ... Таласта өткөн "Манас-1000" салтанаты сүрөттөрдө

Жазылуу
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгы 1995-жылы чоң салтанат менен белгиленген. Быйыл аталган иш-чаранын өткөнүнө 25 жыл болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө эгемендик алгандан кийин уюштурулган алгачкы эң ири мааракедеги сүрөттөрдү сунуштайт.

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө демилгесин Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары көтөрүп чыгып, аны ошол кездеги президент Аскар Акаев колдоого алган. Алгачкы даярдыктар 1992-жылы башталып, атайын мамлекеттик дирекция түзүлүп, аракеттер үч жылга созулган. Уюштуруу иштеринин башында кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү туруп, маараке өткөн жылды (1995-жыл) өлкө башчысы "Манас" эпосунун жылы деп жарыялаган. Аны Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО өңдүү бир катар эл аралык уюмдар колдоого алган.

Салтанат беш күнгө уланып Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү келген. Программада спорттук оюндар, бир топ маданий иш-чара, көргөзмөлөр болуп, кыргыз эли чет элдиктерге меймандостугун көргөзгөн.

Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү

Ошондой эле Бишкек шаарында "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда "Манас-Ордо" тарыхый-маданий жайы курулган.

Карапайым эл Талас облусундагы "Манас" айылына миңден ашык ак боз үй тигип, сегиз, он эки канат жана үч кабаттуу боз үйлөр көпчүлүктүн назарына сунушталган. 30-августтагы иш-чараны жыйынтыктоочу бөлүгүнө миңдеген маданият кызматкерлери катышып, ага оң миңдеген көрүүчү күбө болгон.

Улуттук эпостун 1000 жылдыгын өткөрүүдөгү кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

© Sputnik / Александр Федоров"Манас" эпосунун 1000 жылдыгы 1995-жылы 25-августтан 30-августка чейин өткөн
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
1/13
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгы 1995-жылы 25-августтан 30-августка чейин өткөн
© Sputnik / Александр ФедоровСалтанатка 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
2/13
Салтанатка 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышкан
© Sputnik / Александр ФедоровМиңдеген маданият кызматкерлери Талас облусуна чогулган
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
3/13
Миңдеген маданият кызматкерлери Талас облусуна чогулган
© Sputnik / Александр ФедоровКарапайым эл миң ак боз үй тигип, жергиликтүү тургундар чет элдиктерди тосуп турушкан
Празднование 1000-летия эпоса Манас  - Sputnik Кыргызстан
4/13
Карапайым эл миң ак боз үй тигип, жергиликтүү тургундар чет элдиктерди тосуп турушкан
© Sputnik / Александр ФедоровАчык асман алдында, ээн талаада театралдаштырылган программага каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар катышкан
Празднование 1000-летия эпоса Манас  - Sputnik Кыргызстан
5/13
Ачык асман алдында, ээн талаада театралдаштырылган программага каскадер, актер, студенттер, таластык тургундар катышкан
© Sputnik / Александр ФедоровАт жалында ойногон кыргыз жигиттерин белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов жетектеген
Празднование 1000-летия эпоса Манас  - Sputnik Кыргызстан
6/13
Ат жалында ойногон кыргыз жигиттерин белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов жетектеген
© Sputnik / Александр ФедоровЗалкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, драматург Бексултан Жакиев жана улуу манасчы Жусуп Мамай Талас жергесинде
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
7/13
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, драматург Бексултан Жакиев жана улуу манасчы Жусуп Мамай Талас жергесинде
© Sputnik / Александр ФедоровМааракени уюштурууга жергиликтүү тургундар да жигердүү катышкан
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
8/13
Мааракени уюштурууга жергиликтүү тургундар да жигердүү катышкан
© Sputnik / Александр ФедоровАсманга көтөрүлгөн түндүк, дүйнө элдеринин желектери. Кароол чокунун жанындагы театралдаштырылган программа
Празднование 1000-летия эпоса Манас  - Sputnik Кыргызстан
9/13
Асманга көтөрүлгөн түндүк, дүйнө элдеринин желектери. Кароол чокунун жанындагы театралдаштырылган программа
© Sputnik / Александр ФедоровБоз үйлөр сынагында баш байгеге ээ болгон үч кабаттуу өргөө. Азыр ал Ош шаарындагы "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде тигилип турат.
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
10/13
Боз үйлөр сынагында баш байгеге ээ болгон үч кабаттуу өргөө. Азыр ал Ош шаарындагы "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде тигилип турат.
© Sputnik / Александр Федоров"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө үчүн атайын кийим-кечелер тигилген. Ат үстүндөгү жоокер белгилүү актер Догдурбек Кыдыралиев.
Празднование 1000-летия эпоса Манас  - Sputnik Кыргызстан
11/13
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө үчүн атайын кийим-кечелер тигилген. Ат үстүндөгү жоокер белгилүү актер Догдурбек Кыдыралиев.
© Sputnik / Александр Федоров"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата белгилүү режиссер Мелис Убукеев "Манастын ааламы" тасмасын тарткан. Сүрөттө КРдин эл артисттери, режиссёрлор Тынай Ибрагимов, Мелис Убукеев жана залкар актёр Болот Бейшеналиев.
Съемки фильма Вселенная Манаса в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
12/13
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата белгилүү режиссер Мелис Убукеев "Манастын ааламы" тасмасын тарткан. Сүрөттө КРдин эл артисттери, режиссёрлор Тынай Ибрагимов, Мелис Убукеев жана залкар актёр Болот Бейшеналиев.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүИш-чаранын алкагында республика боюнча бир катар курулуш иштери жүргүзүлгөн. Алардын бири Таластагы "Манас" музейи.
Таласская область в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
13/13
Иш-чаранын алкагында республика боюнча бир катар курулуш иштери жүргүзүлгөн. Алардын бири Таластагы "Манас" музейи.
Жаңылыктар түрмөгү
0