21:07 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Сүрөт

Жылмайган Турганбаев, сүрөөнү күч ирандыктар. Азия чемпионатынын ачылышы сүрөттө

Кыскача шилтеме алуу
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)
70410
  • Азия чемпионатынын расмий ачылыш салтанаты Курмангазы Азыкбаевдин музыкалык номери менен башталды
  • Премьер-министр Сапар Исаков сөз сүйлөп жатат. Сүрөттүн оң капталында Күрөш боюнча Азия кенешинин президенти Даулет Турлыханов, Дүйнөлүк күрөш уюмунун вице-президенти Ахрол Рузиев, ал эми сол жакта Мамагенттиктин башчысы Канат Аманкулов жана Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев
  • Бул кишинин ууртунан чанда гана күлкү көрүнөт... КРдин күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев
  • 55 кг салмак ченинде коло медаль үчүн казакстандык Корлан Жаканша менен индиялык Ли Жуо күрөшүп жатат. Чейрек финалда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков казак балбаны Жаканшаны жеңип алган
  • Коло медалды утуп кеткен казак балбаны Корлан Жаканша атаандашын жубатып жатат. Бул — спорттогу сый.
  • Жоламан Шаршенбеков алтын медаль үчүн япониялык Шота Танакура менен таймашып жаткан кез
  • Тилекке каршы, Шаршенбеков атаандашына 4:5 эсеби менен утулуп калды. Ортодо бир эле упай айырма!
  • Кыргызстандык Урмат Аматов Азия чемпиону наамы үчүн өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго каршы турду
  • Тыныгуу учуру. Аматовду грек-рим күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев сүлгү менен желдетип жатат
  • Алтындан куру кол калдык. Өзбек мушкери Тасмурадов Аматовду 8:0 эсепби менен жеңип, 63 килограмм салмактагылар арасында Азияда биринчи аталды.
  • Жоламан азаматсың, баары алдыда! деп балбанды көрүүчүлөр сүрөп жатты. Ал болгону 18 жашта, биринчи жолу чоңдор арасында күч сынашты.
  • 55 кг салмактагылар арасында Азия чемпиону япониялык Шота Танакура, күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков жана коло байге тагынган казакстандык Корлан Жаканша менен индиялык Кумар Раджендра
  • Дем алууну дагы көз жаздымга калтырбаган калыс... Болбосо бир упай дагы жеңиш алып келет
  • Килемге баары утам деп чыгат
  • Кыргыз балбаны Азат Бейшебеков коло байге үчүн казакстандык Хуссейн Мутсолгов менен тирешип жатат
  • Сүйүнгөндөн түйүлгөн муштум! Азат Бейшебеков — Азия чемпионатынын коло байге ээси
  • Ирандыктар спортчуларына өзгөчө күйөрмандык кылып жатышты. Кыйкырып, сүрөөнгө алып, анан да бир куплеттен ырдап жатышты
  • Мурат Рамонов (130 кг) коло байге үчүн беттеште казакстандык Антон Савенкону жеңип алды
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азия чемпионатынын расмий ачылыш салтанаты Курмангазы Азыкбаевдин музыкалык номери менен башталды

Ушул тапта Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдеш 4-мартт аяктайт.

Кечээ, 27 февралда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда Азия биринчилигинин расмий ачылышы болду. Иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков, мамагенттик мүчөлөрү жана Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) өкүлдөрү катышты.

Андан соң финалдык беттешүүлөргө старт берилди.

Чемпионаттын экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча курама командадан Акжол Махмудов (72 кг) менен Атабек Азисбеков (82 кг) финалга чыкты.

Тема:
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)

Тема боюнча

Акжол Махмудов менен Атабек Азисбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты
Султамбаев: күрөш боюнча Азия биринчилигине кирүү акысыз болбойт
Грек-рим күрөшүнөн 2 күмүш, 2 коло байге! Азия чемпионатынын биринчи күнү аяктады
Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
Белгилер:
күрөш, ачылыш, грек-рим күрөшү, сүрөт, чемпионат, Азия чемпионаты, Бишкек

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ