Эң кызыктуулардын бири – шаардын "Ак-Кула" ат майданында өтүүчү ат чабыш жана көк бөрү болот. Майрамдык салтанаттар Ала-Тоо аянтында кечинде россиялык эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоң концерт менен аяктайт.
"Аянттын сахнасына Лепс, Дима Билан, Вера Брежнева, "Сплин" жана "Город 312" топтору чыгат. Концерт 18.30да башталып, түн жарымына чейин уланат. Эң акырында он мүнөттүк салют атылат", — дешти мэриядан.
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленет. 1991-жылдын ушул күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку советинин кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларация туурасында токтом кабыл алган. Ошол тарыхый актыга ылайык, Кыргызстан өз алдынча, эгемендүү, демократиялык мамлекет деп жарыяланган.Кыргызстан 31-августта өз көз карандысыздыгынын 24 жылдыгын белгилөөдө.
Эгемендүүлүк майрамынын катышуучулары Бишкектин Ала-Тоо аянтында.