Панжшердин алынышы Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат? Сереп

© AFP / AHMAD SAHEL ARMANПанджшер провинциясында Талибанга каршы туруучу жоокер
Панджшер провинциясында Талибанга каршы туруучу жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Панжшерде абал кандай нук алат? "Талибан"* жакынкы чет өлкөлөргө кандай кошумча коркунуч жаратышы ыктымал? Ушул жана башка жагдайларды аскерий серепчи Алексей Леонков талдап берди.

"Талибан"* кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид 6-сентябрда Афганистандын талибдерге айбат кылып турган жалгыз району – Панжшердин алынганын жар салды. Анткен менен Афганистандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту деп аталган Ахмад Масуддун жетекчилигиндеги тобу күрөш уланып жатканын билдирди. Деги Панжшер капчыгайында чынында эмне болуп жатат? Кайсы булактарга ишенүүгө болот?

Жакынкы күндөрү капчыгайда аскердик абал кандай багыт алып, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнө кандай кооптуулук туудурушу мүмкүн? Булар туурасында YouTube каналыбызга аскерий эксперт Алексей Леонков маек курду. Урунттуу учурларынан келтирели.

Талибдер реваншты көксөйт

Мужахид менен Масуд таптакыр эки бөлөк билдирүү жасашты, тастыктап же четке кагуу азырынча мүмкүн эмес. Алексей Леонковдун айтымында, тараптардын эч бири көзөмөлдү жоготконун моюнга алгысы жок.

"Кандай гана жаңжал болбосун маалыматтын чын-төгүнүн терең талдоо абзел, — дейт ал Sputnik агенттигине курган маегинде. – Эки жак тең өз жоготууларын азайтып айтып, касташкан тараптыкын ашыра белгилейт эмеспи. Же тигил, же бул аймакты көзөмөлгө алганын жар салуудан айбыкпайт. 3-сентябрдан тарта Панжшердин баш ийгени тууралуу маалымат алабыз, кийин кайра аны төгүндөгөн билдирүүлөр чыгат. Ахмад Масуддун качып кеткени айтылат, бирок бул чындыкка коошпойт".

Иш жүзүндө географиялык абалынан улам Панжшер капчыгайын алуу оңойго турбастыгын белгилейт Леонков.

"Кыйла бутактанып кеткен. Ок-дары, адам ресурстары жетиштүү болсо, куралдуу күрөштү чексиз жүргүзө берүүгө болот. – деп түшүндүрөт эксперт. – Ал эми жабдуу кайсы тилкелер аркылуу жүргүзүлүп жатканын табыш кыйын".

Мужчина с огнетушителем на месте атаки Всемирного торгового центра 11 сентября в Нью-Йорке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
АКШнын "улуу согушунун" жыйынтыгы: миллион адамдын өлүмү, уурдалган триллиондор
Алексей Леонков "Талибан"* Панжшер капчыгайын экинчи ирет алууга далбас уруп жатканын эскертип, бул ирет реваншты көксөө да кыймылдын согушкерлерин шыктандырышы ыктымал экенин боолголойт.

"Бул "Талибан" үчүн маанилүү, анткени Панжшер баш ийбестиктин символу эмеспи", — дейт ал, — Дүйнөлүк коомчулук окуяларга көз салып, бирок кийлигишкен жок. "Талибан"* террордук уюм бойдон калууда. Расмий түрдө эч ким – Бириккен Улуттар Уюму да, Батыш да, Россия да аталган кыймылга мамилесин өзгөрткөн жок.

Талибдер мунапыс жарыялаганына карабастан, каршылаштарын жазалаганы тартылган тасмалар Желеге чыгып калууда. "Талибандын" айтканы менен жасаганы эки ача болуп, Афганистан менен чектешкен өлкөлөр этият позицияны карманууда".

37 миллион киши кантип багышат?

Афганистандын келечеги өлкөдө экономиканын жоктугу менен да татаал экенин белгилейт Алексей Леонков.

"Талибдер Панжшерди таптакыр бөгөттөп койгон күндө да жергиликтүү калк жашоочулар ал жакты жүздөгөн жылдар бою байырлап келген. Жан багуунун ыгын таап алышат. Өрөөндүн өзгөчөлүктөрүн билбестен ал жакка кирүүгө аракет кылгандар гана азабын тартышат. Жок эле дегенде азык-түлүк көйгөйүнө кабылышат", — деп түшүндүрөт ал. Негизи азык-түлүк көйгөйү жалпы афган маселесине да айланып калышы ыктымал деп болжойт Леонков.

"Америкалыктар кетип жатканда Гани өкмөтү пайдаланган бардык каржылык эсептерине бөгөт коюшкан, — деп белгилейт серепчи. – "Талибан" аларды пайдалана албайт. Ал эми өлкө азык-түлүк, курал жана күйүүчү-майлоочу каражаттарды ташуу менен жашаган. Башкача айтканда, талибдер азыр ары-бери жылып жүргөн техника токтоп калат. Кадимки азык-түлүктү айтпай эле коёюн. Аларга мунай өндүрүмдөрүн ким ташып берет?!".

Леонков Афганистандын аймагынан америкалыктардын кетиши менен талибдердин каражаты да кошо жоголгонун белгилеп, өлкө кантип 37 миллион жаранын багарына түйшөлөт. "Өз территориясы аркылуу талибдер транзиттин эсебинен америкалыктардан жылына 2 млрд. доллар алып турган, — дейт ал. Азыр ал каражат булагы жок".

Европа кооптуулукта

Талибдер үчүн кырдаалдан чыгуунун тек бир жолу – талибдер америкалыктардан калган оор куралдарды сатуу. Бирок анда "Талибан" бүтүндөй логистикалык операцияны уюштурууга мажбур болот, себеби Йемен же Ливияга бир танкты жеткирүүгө эле канча чыгым кетет. Ал эми көчмө зениттик ракеталык комплекстердин дүйнөлүк коомчулукка чоң коркунуч туудурарын белгилеген Алексей Леонков талибдер америкалыктар таштап кеткен куралдын бул түрүн сатпаса керек деп боолголойт.

Здание Капитолия в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
АКШ глобалдык стратегиясын өзгөртөбү?
"Бул "Талибан"* баарына шантаж жасай турган көзүрүнө айланышы мүмкүн, — дейт аскерий эксперт. – Биз менен тил табышкыңар келбейт, анда зениттик ракеталык комплекстердин таанып алгыла деши мүмкүн. Бул бардар Европада, кайсы бир жарандык аэропорттун жанында болушу мүмкүн. Террорчу ракеталарды кадимки учактарга карай багыттаса эмне болот?"

Балким, ушул себептен өлкөдөн бардык элчилерин алып кетүү менен Европа менен Кошмо штаттар Афганистандан обочолонгон чыгар. Ал эми Афганистан менен чектешкен мамлекеттер талибдер менен потенциалдуу кызматташуу аларга эмне берерин аңдай элек.

"Бул өлкөлөргө "Талибан"* эмне бере алат? – деп суроо салат Леонков. – Өнөр жай өндүрүшү жок. Тоо-кендери бар, бирок алар ушунчалык майда, кызыгуу деле жаратпайт. Анан да ким менен кызматташат? Кокус талибдер бийликте көпкө кармалбай калса эмне болот? "Аль-Каида" бийликти басып алсачы? Сириядагы тажрыйбадан улам баарыбыз террорчулар менен сүйлөшүүгө болбостугун түшүнгөндөй эле болдук".

Инклюзия же режимби?

"Талибандын" инклюзивдик өкмөт түзүү жөнүндөгү билдирүүлөрү да талаш туудурарын белгилейт Алексей Леонков.

"Саясий түзүлүш боюнча да, экономикалык да эч кандай программа жок, жалаң гана ураан-чакырыктар жаңырат, — дейт эксперт. – Эгер инклюзивдик өкмөт жөнүндө сөз кылсак, анда Афганистандын аймагын байырлаган бардык этникалык топтордун өкүлдөрү кирүүгө тийиш". Леонковдун пикиринде, анын курамына пуштун, хазарий, тажик, өзбек, ошондой эле жергиликтүү түрк коомдорунун өкүлдөрү чакырылышы шарт.

"Алардын чакыруу алганы туурасында кабар жок, — дейт Алексей Леонков. – Демек, талибдер өлкөдөгү бийликти жалгыз колго алып, өздөрү каалагандай өкмөт куроодо. Алар Афганистандын калган жарандарынын кызыкчылыгын эске алышпаса, анда бул – инклюзивдик өкмөт эмес, жөн гана режим".

Эл аралык коомчулук талибдердин БУУда сүйлөгөндөрүнө карабастан, "Талибанга"* ынанбайт, ошондуктан өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган адамдардын саны улам артууда деген ойдо Леонков.

"БУУнун эсебинде ушул тапта 500 миң киши качууга камынган, — дейт аскерий серепчи. – Адамдар жакшы жашоодон качып жатышкан жери жок. Ошол себептен жер-жерлерде алар талибдердин пропагандасынан да абалды жакшы кылып көрсөтүшүүдө".

Алексей Леонковдун маегин толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар:

* Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар

Жаңылыктар түрмөгү
0