Сооронбай Жээнбековдун келиши менен кандай кадрдык өзгөрүүлөр болот

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦеремония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области
Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, Сооронбай Жээнбеков алдыда. Sputnik Кыргызстан президенттик ат салышуунун алдыңкы сабындагы талапкер өлкө башчылык кызматына киришкенден кийин мамлекеттик органдарда кандай алмашуулар күтүлөрүнө кызыкты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков президенттикке качан киришет. Эксперттердин пикири
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо Борбордук Азиядагы эң маанилүү окуялардын бири болуп калды. Бийлик чыгарган талапкер Сооронбай Жээнбеков кол менен саноодо да, электрондук эсептин жыйынтыгы боюнча да ат чабым алдыда. Мамлекеттин жаңы башчысы кызматына киришкенде бийлик бутактарында кандай өзгөрүүлөр болорун Таалай Ороскулов сурамжылап көрдү.

2009-жылкы президенттик шайлоодогу талапкер жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин пикиринде кадрдык кескин өзгөрүүлөр жүрбөйт. 

Жекшеев: кардинальных кадровых изменений не последует

"Жээнбеков Атамбаев менен байланышта иштеди — бул бирдиктүү команда. Эгер башка талапкер утуп чыкса, аппарат жана мамлекеттик башка структуралар толугу менен реформаланышы турган иш эле", — деди Жекшеев.

Ал болгону Жээнбековдун командасында айрым түзөтүүлөр гана күтүлүшү мүмкүндүгүн белгилейт.

"Жээнбеков президенттикке талапкер катары Атамбаевдин багытын улантуу үчүн гана чыгарылганы бышык. Баса, дал ушул шарт маанилүү ролду ойноду — ушул себептен улам гана шайлоочулардын басымдуу бөлүгү ага добуш берди", — деди серепчи.

Жекшеев белгилегендей, албетте, айрым өзгөрүүлөр жүрбөй койбойт, анткени, Жээнбеков да өзү ишенген, ыңгайлуу команда менен иштөөсү керек.

"Кадрдык өзгөрүүлөрдүн эпкини президенттин аппаратына жана дагы бир нече структураларга тиет өңдөнөт. Бирок кескин кадамдарды, чоң өзгөрүүлөрдү күтүп болбойт", — деп сөзүн жыйынтыктады Жекшеев.

Ушундай эле пикирди Жогорку Кеңештин депутаты, быйылкы президенттик шайлоодо Кыргызстандын коммунисттик партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Исхак Масалиев да карманат. Бирок ал мамлекеттин жаңы башчысы "эттенип" алган соң абдан ири өзгөрүүлөр болушун божомолдоду. 

Масалиев: осенью будет глобальное переформатирование

"Албетте, баштапкы мезгилде эч нерсе кескин өзгөрбөйт. Бул анык эмеспи, себеби, Жээнбеков бийлик партиясынын өкүлү, ал Атамбаевдин саясатын улантат", — деди Масалиев.

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасында абал жеңилдей баштады
Парламентарий мамлекеттин жаңы башчысы катары көнүгүп, "бийликтин даамын татып" алгандан кийин өзүнө ыңгайлуу мейкиндик жаратарын белгиледи.

Анын айтымында "эттенип алган" соң Жээнбеков керек деп эсептеген кайсы бир кескин дайындоолорду жасайт. Юридикалык жактан мүмкүн болбосо да өкмөттө өзгөрүүлөр болушу ыктымал, бирок иш жүзүндө министрлер кабинетинин ишине таасир болот.

"Өзгөрүүлөр жүрөт, бирок кийинки күздөн эрте эмес. Жаңы президент Конституция боюнча өлкөдөгү негизги күч болгон парламент менен да тил табышууга тийиш", — деди Масалиев.

Анын пикирине саясат таануучу Марс Сариев макул эмес. Ал өлкөнү туруктуулук мезгили күтөрүнө, андыктан, бийлик бутактарында кескин өзгөрүүлөр болбой турганына токтолду. 

Сариев: впервые сто дней качественного скачка не будет

"Жээнбековдун өмүр таржымалына ылайык, ал жай, бирок ынанымдуу өсүп отурган. Чукул өзгөрүүлөрсүз киши, анын кызматтык тепкичинде дароо көтөрүлүп же кескин төмөндөөлөр жок. Ошондой эле анын башкаруу доорунда өлкө Атамбаев тарабынан белгиленген нукта жол улайт. Ар кыл реформалар түрүндөгү толкундоолор көрүнбөйт", — деди Сариев.

Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү
Серепчи эгер Бабанов утканда өлкөнү кескин өзгөрүүлөр күтмөктүгүн белгилейт.

"Ал сунуштаган жаңычыл реформалар Кыргызстан үчүн абдан оор болмок. Бирок орус тили мугалиминен бийликтин бийик бутактарына чейин көтөрүлгөн жолду жактырган калк Жээнбековду тандоо менен туруктуулукту ылайык тапты", — деди саясат таануучу.

Ал белгилегендей, жаңы президенттин алгачкы жүз күндүгүндө чукул өсүштү күтпөө зарыл. Жээнбеков Казакстан менен түзүлгөн кырдаалды жөнгө салып, өлкөнүн туруктуу өсүшүн камсыздоого багытталган көндүм иштер менен алек болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0