07:20 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)
144920

Эксперттердин көз караштары бири-бирине кайчы келгени менен, чек араларда чыр-чатактардан оолак болуш керек дегенде ойлору бир.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik, Таалайбек Ороскулов. 18-март күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек аймагына Өзбекстандын чек арачылары эки БТР жана аскер кызматкерлерин жайгаштырышкан. Алар Кербен — Ала-Бука унаа жолунун 20-чакырымында жолду бууп, блокпостторду орнотушкан. 

Ошол эле күнү КРдин тышкы иштер министри Өзбекстандын элчисин чакырып, ага блокпостторду жана аскерлерди токтоосуз алып кетүү талабы менен нааразылык нотасын тапшырган

видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
БТР жана аскерлер. 19-марттагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал

Кечээ Өзбекстан ага жооп берип, Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрүн айткан. Бул жоопко канааттанбаган кыргыз тарап чек аранын такталбаган аймагына тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө мүмкүн эместигин билдирип, жооп нотасын жөнөттү.

Кең мекен

Кыргызстан Кытай менен жана мурдагы СССРдин үч республикасы — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешет. КРдин сырткы чегинин жалпы узундугу 4 503 чакырымды түзөт. Казакстан менен мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1 242 чакырым. Делимитациялоо процесси 2001-жылы аяктаган. Андагы сүйлөшүүлөр эки республиканын чектерин аныктаган Бүткүл Союздук аткаруу комитетинин 1930-жылдагы токтомуна жана Кыргыз ССРинин 1961-жылдагы Жарлыгына негизделген болчу. 

Кытай менен чек аранын жалпы узундугу 1071,8 чакырымды түзөт. Делимитациялоо процесси 2000-жылы аяктаган. Хан-Теңир жана Жеңиш чокуларынын аймагындагы, ошондой эле Бедел (Үзөңгү-Кууш суусунун суу топтолуучу жери) ашуусунун батыш тарабындагы талаштуу жерлерди чечүү баарынан кыйын болгон. 

Кедергелүү чакырымдар

Кыргыз-өзбек чек арасы 1 378 чакырымга созулуп, алардын 1 058 чакырымы такталган. Бүгүнкү күндө 58 жер үлүшү аркылуу өтө турган 324 чакырым макулдашыла элек. 

  • Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы 1,5 чакырым аралыктагы жолго өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлган.
    Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы 1,5 чакырым аралыктагы жолго өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлган.
    Sputnik
  • Ары-бери каттаган кыргызстандыктар тыкыр текшерилип, өткөрүлгөн
    Ары-бери каттаган кыргызстандыктар тыкыр текшерилип, өткөрүлгөн
    Sputnik
  • Өзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына  зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан.
    Өзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан.
    Sputnik
  • Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган.
    Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган.
    Sputnik
1 / 4
Sputnik
Жалал-Абад облусунун аймагындагы Аксы — Ала-Бука жолундагы 1,5 чакырым аралыктагы жолго өзбекстандык чек арачылар тарабынан блок-пост коюлган.

Дүйшөмбүдө Мамлекеттик чек ара кызматынан эки өлкөнүн чек арасында турган аскерлеринин саны азайганын билдирди.

Тажикстан менен Кыргызстандын жалпы чек арасынын узундугу 970,8 чакырым, анын 519у гана макулдашылып, калган 451 чакырымы дагы эле талаштуу бойдон калууда. 

Эмне үчүн?

Чек ара маселелери боюнча КР өкмөтүнүн атайын өкүлү, премьер-министрдин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбай Искандаров Өзбекстан менен чек арада кырдаалдын курчушу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу деп эсептейт (суу сактагыч Кассансай суусунда Нарын облусундагы гидрокурулуштай аталат). Бул суу сактагыч бардык гидротехникалык курулуштары менен бирге 2015-жылдын ноябрында Кыргызстандын мамлекеттик менчигине берилген.

Искандаровдун айтымында, мурдараак өзбек тарап суунун тосмосу жарылып алардын жерин каптап кетпеши үчүн оңдоо иштерин жүргүзсүн деген шылтоо менен адистерди суу сактагычка өткөрүүнү суранган экен. Кыргызстан маселенин мындайча коюлушуна макул болбой, өз аймагына алардын адистеринин кирүүсүнө тыюу салган. 

"Ала-Бука районундагы макулдашыла элек, бирок кыргыздар пайдалануучу жерде жолду тосуп алуу, кыязы, Өзбекстандын жооп иретинде жасаган аракети көрүнөт", — дейт атайын өкүл.

Кыргызстан да талаштуу жерлерди тороп алып, өзбек жарандарын өткөрбөй коё алат деди Искандаров. Бирок маселени каяшалык менен чечүү эч кимге жакшылык алып келбейт. Баарын сүйлөшүү жолу менен чечиш керек, дейт ал.

Кыргыз географиялык коомунун жетекчиси, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн мурдагы атайын өкүлү Саламат Аламановдун пикиринде, кырдаалдын курчушуна объектилерди мамлекеттик менчикке өткөрүү себеп болду деп айткан туура эмес. 

"Делимитация аяктагандан кийин алар ансыз деле бизге өтөт. Ошондуктан муну чек ара маселелерин чечүүдөгү ийгилик деп эсептөө жаңылыштык", — дейт эксперт.

Анын пикиринде, кырдаалдын курчуп кетиши – бул биздин жооп кайтарганга даярдыгыбызды сынап жаткандагысы. Бирок бир тараптуу аракеттер дайыма тирешүүчүлүккө алып келүү коркунучун жаратат. Алар БТРлерин чыгарып коюп коюшту, биз да ошенттик. Маселе бүттү. Өзбектерге жооп бергенибиз туура, ушинтип даярдыгыбызды көрсөтүшүбүз керек. Бирок, кантсе да, коңшулардын мындай аракеттери кадыресе көрүнүшкө айланганы кейитет, деди Аламанов.

Эксперт Кыргызстан туура көз карашта экенин жана анын жасагандарынын баары эл аралык укук ченемдерине туура келе тургандыгын белгиледи. 

Ошентип биз, чатак чыгарыш үчүн көкүткөндөргө азгырылбайбыз да, окуянын терс өрчүшү үчүн эч себептерди да жаратпайбыз. Дал ушунун өзү тынчтыкты сактап турат, дейт Аламанов.

Саясат таануучу Бакетаев да азыркы абал Өзбекстандын атайылап чыр-чатак чыгарыш үчүн жасаганы деп эсептейт.

"Кыязы, Кыргызстан эмне кылар экен деп байкоо салып турган кайсы бир аналитикалык топ иштеп жатса керек", — дейт саясат таануучу. 

Ал муну ЕАЭБге киргендигибиз үчүн өзүнчө бир "кыр көрсөтүүчүлүк" деп бааласа боло турганын белгиледи.

"Кыргызстан өз өнүгүү жолун аныктап, Россияга таламдаш болуп алды. Бул Өзбекстан аркылуу кырдаалды солгундатууга аракет кылып жаткан батыш өнөктөштөрдү кыжырлантууда. Менимче, абалдын курчушуна дал ушул себеп", — деди саясат таануучу.

Анын пикиринде, мындай чыр-чатактар мындан ары да тереңдейт, бирок ачык тирешүүчүлүккө жана согушка жетпейт. Ошентсе да, сырттан көкүтүлүп жаткан оппозициялык күчтөр абалдан пайдаланып, кыргыз бийлигин жаманатты кылууга аракет кылат, ал эми колунан келип калса, аны алмаштырганга да далалаттанат деди Бакетаев. 

"Далил плюс" эксперттик клубунун серепчиси Марс Сариев да Өзбекстан ачык чырдашууга барбайт деп эсептейт, бирок кырдаалдын курчушуна башка себептерди атайт.

"2010-жылдагы Ош окуяларын эстесеңер. Дал ошол Өзбекстан жарандык согуштун өрчүп кетишине жол берген жок. Азыркы кырдаал ӨзРдин уруулар арасында бийлик үчүн жүрүп жаткан согушка байланыштуу ички көйгөйлөрдөн алаксытуу аракети деп ойлойм", — деди ал.

Эксперт муну президент Ислам Каримовдун жасаган техникалык жүрүшү жана ал эки максатты көздөйт деп эсептейт. Биринчиси — тышкы фактор ички көйгөйлөрдөн алаксытат; экинчиси — КРдеги оппозициялык аракеттер Каримовго пайдалуу, себеби Кыргызстандагы ыңкылаптар менен башаламандыктар ага ички саясатын катуулатуу үчүн жакшы шылтоо. Бул Борбор Азиядагы, анын ичинде 2010-окуяны катуу кабыл алган Казакстандагы авторитардык тартиптерди бекемдейт деп эсептейт Сариев. 

Экинчи жагынан, деп белгилейт ал, ЕАЭБ байланыштарынын өнүгүшүнө Батыш да кызыктар эмес. Термезде немис контингентин жайгаштыруудан баш тарткандан кийин азыр Өзбекстан ага жагалданып турат, себеби Батыш анын бул аракетин Россия тарапка ооп кеткендик деп баалайт. 

Суу жана энергетикалык корлор боюнча эксперт Зульфия Мараттын пикиринде, татаал кырдаалдан аймактагы ири оюнчулар пайдаланып калууда. 

"Абалдын мындай болушунан аймакта өз таасирин күчөтүүгө аракет кылып жаткан үчүнчү тараптар пайдаланып жатканы айкын. Дал ушунун өзү көп маселелердин, анын ичинде энергетикалык жана суу көйгөйлөрүн чечүүнү кыйындатууда", — дейт эксперт.

Суу маселеси

Өзбек лидери дал ушул суу менен камсыз кылуу маселеси аймактагы согуштарга себеп болот деп мурдараак айткан эле. 

Айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө улуттук докладдын маалыматы боюнча, Кыргызстан — суу корлору толугу менен өз аймагында калыптануучу Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Республикада 3 500дөн ашык түрдүү көлөмдөгү агын суулар бар, алар негизинен Нарын-Сыр дарыя, Аму дарыя, Чүй, Талас, Или, Тарим сууларынын жана Ысык-Көлдүн бассейндерине карайт. КРдин жеринин 4 пайыздан ашыгын мөңгүлөр менен кар басып турат. Жер алдында да суунун бир топ кору жана бир нече көл бар. 

КРдин Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарбасы жана сугат департаментинин директорунун орун басары Тилек Исабековдун маалыматына караганда, Кыргызстан жалпы агын суулардын 20 пайызын гана пайдаланат. Калганы коңшу мамлекеттердин аймагына куят. Суу бөлүштүрүү маселеси бир нече макулдашуулар аркылуу жөнгө салынган. 

"1985-жылдагы Москва протоколуна ылайык, Талас суусунун агындылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда тең бөлүнүп, 62 пайызы Чүй суусу (КР), 38 пайызы Казакстан менен кетет", — деп билдирди Исабеков.

Башкы документтер болуп 1992-жылдагы келишимдер эсептелет. Аларда беш өлкө тең дарыялардын агымдары боюнча өз квотасын аныктаган. Бул макулдашуулар аймактын суу стратегиясы кабыл алынганга чейин күчүндө болот, бирок аталган документ эмдигиче жок. 

Тажикстан менен ар бир дарыя боюнча протоколдор бар, ал эми Өзбекстандын пайдасына Нарын дарыясынан секундасына 15-30 куб метр суу алынат, калган суу Токтогул суу сактагычына куят. 

"Климаттын дүйнө жүзү боюнча өзгөрүшү чыр-чатактарга себеп болуучу башка максаттарды жаратты. Суу корлору үчүн күрөш азыр өтө курч мүнөзгө ээ болуп баратат. Бирок Ала-Букада кырдаалдын азыркы курчушунун себептери башкада", — деди аналитик.

Саясат таануучу Сариевдин пикиринде, Борбор Азия аймагын дал ушул суунун айынан түрдүү деңгээлдеги чыр-чатактар күтүп турат.

Мындай пикирге Зульфия Марат да кошулат. Ал сууга байланышкан чыр-чатактар дагы күчөйт деп эсептейт.

Эксперт Саламат Аламанов суу корлоруна байланышкан пикир келишпестиктер дайыма болот деген ойдо. 

"Сууну жерден бөлүп албайсың. Бул жер-жерлерде мурдатан эле болуп келген, азыр да бар жана делимитация процесси аяктагандан кийин деле боло берет. Делимитациялоону бүтүрүү керек, ошондо суу маселеси чыр-чатагы азыраак чарбалык деңгээлге өтөт", — деди Аламанов.

Маселенин мындайча коюлушуна саясат таануучу Бакыт Бакетаев макул эмес. Ал негизги себеп деп Өзбекстанда айдоо жерлеринин жетиштигин атайт.

"Коңшу өлкөнүн калкынын саны өсүшүнөн дал ушул жер маселеси алар үчүн суу маселесине караганда курчураак, бирок, албетте, жерди иштеткенге суу да керек дечи. Дагы бир жагы, эл аралык конвенциялар суу булактары жайгашкан өлкөлөр суунун ээси болбогудай түзүлгөн, мындай диссонанс атайын жаратылат", — дейт Бакетаев.

Кооптондурганы, Өзбекстан көп маселелер боюнча өзүнүн үстөмдүгүн сезип, тиги же бул жерлерди тартып алганга аракет жасоодо, деп баса белгиледи саясат таануучу.

Борбор Азиясы үчүн "батарейка"

Өзбекстандын президенти Кыргызстанда ири ГЭСтердин курулушуна каршы экенин көп жолу айтып, анын себебин өз өлкөсүндө сугат суусу жетишпей, экономикасына кедергисин тийгизет деп түшүндүргөн. 

Борбор Азаянын энергетикалык тутуму совет мезгилинде курулган жана Россиянын Бирдиктүү энергетикалык системасы менен Казакстандын энергетикалык түйүнү аркылуу катар иштөөчү 220 жана 500 кВ линиялары менен туташтырылган энергетикалык тутумдарды түзөт. Ага Казакстандын энергетикалык тутумунун түштүк бөлүгү, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Түркмөнстандын энергетикалык тутумдары кирет. Борбор Азиянын энергетикалык алкагына 83 электр станциясы кирчү. Орто Азиянын энергетикалык тутумунун диспетчери Ташкентте жайгашкан "Энергия" координациялык диспетчердик борбору болчу. 

Түркмөнстан бул энергетикалык алкактан чыга турганын 2003-жылы билдирген. Тажикстанда Рогу ГЭСин жана Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭСин куруу жөнүндө пландар пайда болгондон кийин Өзбекстан бул долбоорлор боюнча терс пикирин билдирүү менен, бирдиктүү тутумдан 2009-жылы чыгып кеткен. 

Аналитик Марс Сариев энергетика маселеси БА лидерлери эмдигиче чейин аймакты бир бүтүн деп кабыл албагандыгынан келип чыккан деп эсептейт. Ошондуктан Кыргызстанда газ менен электр кубатына байланышкан көйгөйлөр жаралып келген. Азыр булар эптеп болсо да "Газпром" жана "Датка — Кемин" электр линиясы аркылуу чечилип жатат. Бирок коңшулар менен көйгөйлөр жаралганда бул аспектини эсепке албай коюуга болбойт, дейт аналитик.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев электр кубаты товар болгондуктан, анда-санда оош-кыйыш, келишпестиктер болуп турушу кадыресе көрүнүш деп белгилейт.

"Биз электр кубатына сарамжалсыз мамиле кылып көнүп калганбыз, ошон үчүн аны үнөмдөш керектигин аймакта түшүнмөйүнчө чыр-чатактар жарала берет", — деди эксперт.

Зульфия Марат энергетика маселеси саясий деңгээлге өтүп кетти дегенге эч макул эмес. 

"Чарбалык мамилелерди чек ара маселелерине таасир кылуучу каражат катары пайдаланууга болбой турганын мен эбак эле айткам. Энергетика — бул бирдиктүү организм, саясатчылардын кийлигишүүсүнүн арты жаман болот", — деп эсептейт эксперт.

Анын пикиринде, "Датка — Кемин" электр линиясы КРде жарыкты өчүрүүлөрдөн толук куткарат деп кароого болбойт.

Кантип чечүү керек? 

Зульфия Марат БА өлкөлөрү бири-бирисиз жашай албастыгын түшүнгөндө гана чыр-чатактар жоюлат деп эсептейт. Көйгөйлөрдүн баарын дароо эле чече коюу, албетте, мүмкүн эмес. Кепти өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу багытта гана жүргүзүү керек. Бул — абалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу. 

Эксперт Саламат Аламанов ӨзР менен чек араларды делимитациялоону аягына чыгаруу толук мүмкүн жана анын жолу эбактан эле бар деп эсептейт. 

"Совет мезгилинде эле маселени чечүү жолдору сунушталып, алар эки тарапка тең жаккан. Ал жолдор 1955-жылы табылган, 1898-жылы СССР жоюлар алдында деле варианттар сунушталган болчу. Ошолорго кайрылуу керек — бул тил табышуунун жакшы тажрыйбасы. Ал эми сүйлөшүүлөрдө оң жылышка алып келбеген документтерди жөн гана алып таштоо керек. Макулдашып келишсе болот. Болгону, мамлекет башчыларынын эрктүү саясий чечимдери талап кылынат", — дейт ал.

Саясат таануучу Бакетаев чыр-чатак эч качан жөнгө салынбайт деп эсептейт. Глобалдуу оюнчулар буга эч жол бербейт. Бул атайылап "тоңдурулган" жана кырдаалга таасир кылып "ойноо" үчүн каалаган убакта кайра жандандырууга боло турган чыр-чатактар. Ал президенттердин жеке инсандык өзгөчөлүгүнөн эч көз каранды эмес. Күч ыкмалары да чечпейт, ЖККУ да бул жерде жардам бере албайт. Өз алдынча, башкача айтканда, сырттан кийлигишүүсүз, эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен чечиш керек. Баса, коопсуздук маселелери боюнча жоюлуп кеткен вице-премьерлик кызматты кайра калыбына келтирүү зарыл деп баса белгиледи эксперт.

Марс Сариев да маселени чечүүнүн жолу бар деп эсептейт — бул үчүн БА аймагын түрдүү өлкөлөр эмес, бирдиктүү эл чарбачылык комплекси катары кабыл алуу зарыл. 

"Биргелешкен суу сактагычтарды, башка гидротехникалык курулуштарды куруу экономикалык карым-катнаштарды кеңейтүү өз ара мамилелерди бекемдеп, чыр-чатактардан оолактоого шарт болот. БАнын СССР мезгилинде жаралган бирдиктүү организмин кайра калыбына келтирүү керек", — деди Сариев.

Өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү боюнча токтом токуган эмес
© Пресс-служба правительства КР
Анын пикиринде, өз ара келишүүчүлүккө жетүү үчүн аймактын башчыларынын саясий эрки жетиштүү болмок. Бирок БА лидерлеринен глобалдуу оюнчулар көз албай карап турат, дал ушунун айынан алар бир пикирге келе албай жатышат. Ошону менен катар Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу моюнга салынган каржылык тузактар да бар. 

Ал бир нерсе алардан мурун сөзсүз бир нерсе бериш керектигин белгиледи. 

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттер менен жолугушуу учурунда Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен согушууга барбай турганын, бирок өз кызыкчылыгын дайым коргой турганын айтты.

Тема:
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)

Тема боюнча

Чек ара кызматы: Чаласарт аймагында өзбек техникасынын кыймылы байкалган жок
Атамбаев Өзбекстанда өтүүчү ШКУ жыйынына барбай калышы мүмкүн
Белгилер:
суу, Чыр-чатак, электр кубаты

ЭҢ МААНИЛҮҮ