Түркиядагы кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пул ала башташат. Күчүнө кирген документ

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАнкара шаары. Архив
Анкара шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл мурда Социалдык фонд түшүндүрмө берип, КР жараны өз мекенинде он жыл иштеп, андан соң Түркияда он беш жыл эмгектенип пенсияга чыкса, Кыргызстан он жыл, Түркия он беш жылдык пенсиясын төлөмөк.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Түркиянын аймагында иштеген кыргызстандыктар эми пенсия жана жөлөк пул ала алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган мамлекеттеги элчилигинен билдиришти.

2-июлда Кыргызстан менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча макулдашуусу күчүнө кирди. Аталган чечимге үстүбүздөгү жылдын апрель айында алгач Режеп Тайип Эрдоган кол койгон. Ал эми КР президенти 2019-жылдын январь айында ратификациялаган.

Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек

Ал демилге Жээнбековдун 2018-жылдын апрель айында Түркияга болгон расмий иш сапарында колдоо тапкан.

Эки жыл мурда Социалдык фонд түшүндүрмө берген. КР жараны өз мекенинде он жыл иштеп, андан соң Түркияда 15 жыл эмгектенип пенсияга чыкса, ага 25 жылдык стажы үчүн пенсия чегерилмек. Тагыраагы, Кыргызстан он жылдык, Түркия 15 жылдык пенсиясын төлөмөк.

Ошондой эле ал талаптар Кыргызстанда иштеген түркиялыктарга да тиешелүү болуп, мыйзамдуу жол менен тыйын тапкан эки өлкөнүн жарандарынын укуктары эске алынат.

Мамбеталиев: пенсия 28-майга чейин толук таратып берилет

Андан сырткары, жумуштан алган жаракатына, ооруганына, боюнда бар аялдарга төлөнүүчү акча каражаттарын эки жактын жергиликтүү мыйзамдарынын негизинде чегерүү да каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0