Кыргызстан Россияга темир жол тарифин төмөндөтүүнү көздөп жатат

Жазылуу
Талкуу маалында бул суроо оңой менен чечилбеси айтылды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. 27-сентябрда Россияга темир жол аркылуу ташуунун тарифин төмөндөтүү боюнча талкуу болгонун КРдин Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Ага Миграция кызматынын, Транспорт жана жолдор министрлигинин, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өкүлдөрү катышты. Эмгек мигранттарынан суроо-талаптар көп болгондуктан, бул жолугушууну өткөрүү тапшырмасы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова тарабынан коюлган.

"Талкуу маалында бул суроо оңой менен чечилбеси айтылды. Анткени билеттин баасы элди ташууга тиешеси бар тараптардын (Россия, Казакстан, Кыргызстан — ред.) тарифтеринен түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар Транспорт министрлиги менен "Кыргыз темир жолу" Россия жана Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керектигин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0