БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. 50гө чукул улан-кызды Түркиянын Анталия шаарына жумушка орноштурам деп акчасын алып, бирок убадасынан тайды делген "Езекия" компаниясынын үстүнөн дагы арыздануулар түштү.
Ага ылайык, бул компания мындан эки жума мурда 12 кыргызстандыкты Түркиянын Кемер районунун Бельдиби (Анталия провинциясы) шаарчасына жиберген.
Шарты начар үйгө жайгашып, убадаланган айлык жок экен деп кабатырлангандардын бири 47 жаштагы Чолпон Раманкулова. Ал Кыргызстандагы айлыгы эч нерсеге жетпегендиктен, эки баласын таштап, оорукчан апасынын дарысына акча табуу үчүн барганын айтат. Кетүү үчүн компанияга 300 доллар төлөгөндүгүн кошумчалады.
"Май айында тааныштарым сунуштаган агенттиктерге кайрылсам толуп калган экен. "Езекияга" келсем бир жумада жөнөтөбүз дегенинен шашып, документтерди чогулттум. Бирок эки ай күттүрүп, 13-июлда араң жөнөттү. Анда да кечки саат 21 лерде чалып "азыр саат 12де (00:00 — ред.) учасыңар, тез келип калгыла" деди. Келишимде Алания округундагы беш жылдыздуу мейманкада иштеп, айлыгыбыз 2000 түрк лира (болжол менен 28 266 сом), кошумча чай пулу дагы болмок", — деди Раманкулова.
Кызыгы, алар жөнөп жатканда барып иштейсиңер деп чечилген аймак башка шаарга алмашып калганын айтып, бирок шарттары окшош болоруна ишендирген. Ошентип алар Кемер районунун Бельдиби аймагына келип түшкөн.
"Жашаган жерди көрүп таң калдык. Ашканасынан көңүлүбүз айнып үч күн тамак ичпей отурдук. Мен башка иш таап бергиле же Кыргызстанга кайра жөнөткүлө деп жанын койбодум. Чолпон эже болсо "Эмне сен курортко бардыңбы, чыда, иште!" деп салды. Кантип чыдайсың?! Акыры бизди тосуп алган Эрол аттуу ортомчу киши оозубузду жабайын дедиби, төртөөбүздү жакшы мейманканага которду. Бул жерге Анталиядан 14 саат жол жүрүп жетесиң", — деди ал.
Буга чейин "Езекия" компаниясынын кызматкери Чолпон Карагулова жетекчиси Аман Эсенгуловдун телефону деп берген номерге чалганыбызда, өзүн компаниянын консультанты катары тааныштырган Айпери Эсенгулова алып түшүндүрмө бермей болду.
Ал компания быйыл гана түптөлүп, тажрыйбасы аз болгондуктан, ушундай кырдаалга кептелип калганын айтты. Көрсө, жогоруда арыздангандар алардын биринчи жиберген адамдары экен…
Ал эми аталган компанияга акчасын берип коюп, жумушка кете албай жаткан улан-кыздар Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына, шаардык прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик миграция кызматына, Бишкек шаарындагы Ленин райондук милициясына арыз жазышкан.
Бишкектеги кырдаал боюнча да ушундай эле жооп болду. Эсенгулованын түшүндүрмөсүн талдап көрсөк, компания жарандарга канча убакытта виза алууга болорун, жумушка орноштуруунун жол-жобосун жакшы билбей туруп иш баштап алган.
"Компаниянын лицензиясы бар, жумуш берүүчүлөрү менен келишим түзүлгөн. Компания жаңылыштык кетирип алды. Виза биздин колубузда эмес, Түркиянын элчилиги берет. Аны күтпөй эле ызы-чуу кылып жатышат. Компания быйыл жаңы ачылганы үчүн тажрыйбасы жетишсиз болуп, консультация берген адам болгон жок. Элчиликке кантип документ тапшырып, кайсы сайттардан маалымат алууну билишпейт. Миграция кызматы да ишти жакшылап түшүндүргөн эмес. Жыл сайын шарттары өзгөрө берет да. Биз элди алдаган жокпуз", — деди Эсенгулова.
Деген менен азыр алардын кызматынан баш тартабыз деп турган улан-кыздарга акчасы кайтарылабы деген эң башкы суроо бүдөмүк бойдон калууда.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев улан-кыздардын "Езекия" компаниясынын үстүнөн жазган арызы каттоого алынып, иликтөө иш-аракеттер башталганын билдирди. Анын негизинде компаниянын жетекчиси чакырылып, иш каралат.
Мындан сырткары, Бишкек шаардык милициянын маалымат катчысы Адыл Оморов улан-кыздардын арызы каттоого алынганын ырастап, териштирүү жүрүп жатканын айтты.
Компания тууралуу…
Ал эми аталган компания жана анын жетекчилери, түптөөчүлөрү туурасында Юстиция министрлигинен жана Ачык бюджет порталынан төмөнкү маалыматтар табылды.
Кызматкерлер "Езекия" ЖЧКсынын жетекчиси деп Аман Эсенгуловду айтканы менен Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматта ишкананын түптөөчүсү жана жетекчиси катары Элмурат Кыдырбеков көрсөтүлгөн. Бул фамилияны БШКнын сайтындагы шайлоочулардын тизмесинен издегенде дал ушундай ысым менен 19 жаштагы жаран бар экени белгилүү болду.