21:34 19 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Самара шаарынын дүйнө чемпионатына даярдануусу. Архивдик сүрөт

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты: элчилик күчөтүлгөн чаралар боюнча маалымат таратты

© Sputnik / Анар Мовсумов
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты (112)
363 0 0

Элчилик менен миграция кызматынын өкүлдөрү кыргызстандыктар жашаган шаарларга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө тургандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлүүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Футбол чемпионаты 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын 11 шаарында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) өтөт.

Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 25-майынан 25-июлуна чейин жогоруда белгиленген 11 шаарда коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн чаралар көрүлөт.

"Миграциялык мыйзамдар жаатында чет өлкөлүк жарандар РФ президентинин 2017-жылдын 9-майындагы №202 Жарлыгына ылайык, Россиянын аймагына кирген күндөн баштап турган орду, же жашаган жери боюнча бир сутканын ичинде каттоого туруусу боюнча убактылуу эреже киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Ушундан улам КРдин элчилигинин жана Кыргызстандын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган 11 шаардын ичинде Кыргызстандын консулдук мекемелери жок шаарларында убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештер жана диаспора активисттери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында иш сапарга чыгышат.

Сапардин расписаниеси:

— Нижний Новгород (15-май);
— Волгоград (16-май);
— Казань (16-май);
— Ростов-на-Дону (17-май);
— Самара (17-май);
— Саранск (19-20-май);
— Сочи (20-21-май);
— Калининград (6-июнь).

Жолугушуулардын өтө турган орду, убактысы тууралуу төмөндөгү телефон аркылуу билүүгө болот:

Казань +7 (966) 260-97-60;
Сочи +7 (988) 245-43-02, +7 (988) 286-51-20;
Нижний Новгород +7 (967) 713-67-37;
Самара +7 (927) 260-34-84;
Ростов-на-Дону +7 (960) 461-61-61, +7 (918) 528-81-85;
Волгоград +7 (961) 669-95-55;
Калининград +7 (952) 792-15-35;
Саранск +7 (925) 735-49-46.

Тема:
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты (112)

Тема боюнча

Азиянын кубогуна чыккан КР командасын FIFA башчысы куттуктады
КРдин футбол курамасы Азия чемпионатында кайсы күндөрү ойнойт? Расписание
Белгилер:
түшүндүрүү иштери, элчилик, Кыргызстан, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ